Акыркы макалалар

1-сентябрда жаңы курулган 23 мектеп пайдаланууга берилет

1-сентябрда Кыргызстан боюнча жаңы курулган 23 мектеп пайдаланууга берилет.Бул тууралуу Билим берүү жана илим министри Канат Садыков малымат жыйынында билдирди.

Анын айтымында, 16 мектеп мамлекеттик бюджеттен курулган. Ал эми 7 мектеп,Түркиядан келген гранттын эсебинен салынган. "Азыркы тапта Кыргызстан боюнча 117 имарат курулуп жатат. Анын ичинен 110 мектеп, 7 бала бакча. Бул курулуштарга жалпысынан 915,7 млн сом каражат кетти", - дейт ал.

"Быйылкы жылдын аягына чейин дагы 33 мектеп пайдаланууга берилерин", - кошумчалады Садыков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...