Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунда Эгемендүүлүк күнүнө карата веложарыш өткөрүлөт

Ак-Талаа районунда Мамлекеттүүлүктү бекемдөө жана эгемндүүлүктүн 23 жылдыгына арналып жаштар жана орто жаштагылар арсында веложарыш өткөрүлөт. Бул тууралуу "Ак-Талаа" жаштар коомдук бирикмесинин төрагасы Жаныбек Асылбеков билдирет.

Анын айтымында, "мелдешке Ак-Талаа районунун 18 айыл өкмөтүнүн тургундары катышат. Веложарыш былтыр дагы жогорку деңгээлде өткөрүлгөн. Мелдештин жеңүүчүлөрү велосипед, кубок жана диплом менен сыйланышат", - дейт ал.

Веложарышты "Ак-Талаа" жаштар коомдук бирикмеси менен чет элде жүргөн кыргызстандык ишкерлер өткөрүп жатат", - деп кошумчалады Асылбеков.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...