Акыркы макалалар

31-август күнү Кыргыз мамлекеттик циркте жаңы театралдык сезондун ачылышы болот

31-август күнү Кыргыз мамлекеттик циркте жаңы театралдык сезондун ачылышы болот

31-август күнү Кыргыз мамлекеттик циркте жаңы театралдык сезондун ачылышы болот. Бул тууралуу бүгүн мамлекеттик цирктин директорунун орун басары Коногалы Эсеналиев билдирди.

“Бул ачылышты биз, 31-август - өлкөбүздүн Эгемендүүлүк күнүнө карата, 2014-жыл мамлекетибизди бекемдөө жылдыгына арнап жалпы шаар тургундарына жана келген конокторго тартуулоону туура көрдүк”, - дейт К.Эсеналиев.

Ал эми бул майрамдык күнгө карата уюштуруу тобу кызуу даярдык көрүүдө. “Бул күнү ар түрдүү жан-жаныбарлардын образдарын жаратууга чыгармачыл топ кызуу даярдыктарды жүргүзүп жатат. Анда, мисалы, жылкынын образын жигиттер даярдап жатса, ал эми, жыландын образын кыз-келиндер жаратышмакчы. Ага кийип чыга туруучу костюмдардын бардыгы даяр" , - деди ал.

Белгилей кетсек, аталган иш-чара 31-август күнү саат 12:дө башталат. Кирүү бекер.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...