Акыркы макалалар

Нарындын Эмгек-Талаа айыл аймагында жергиликтүү ишкерлер тарабынан кийим тигүү цехинде окуучулардын формалары тигилүүдө

Нарындын Эмгек-Талаа айыл аймагында жергиликтүү ишкерлер тарабынан кийим тигүү цехинде окуучулардын формалары тигилүүдө

Нарын районунун Эмгек-Талаа айыл аймагына караштуу Ак-Талаа айылында жергиликтүү ишкерлер тарабынан айыл жашоочуларынын камчыгына ыңгайлуу атайын мектеп окуучуларына формалар тигилүүдө. Бул тууралуу Эмгек-Талаа айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Руслан Эсенбеков билдирди, деп кабарлады Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы.

Анын айтымына карасак, айыл өкмөттүн жардамы менен айылдагы жергиликтүү ишкерлерди колдоо максатында айылдан атайын бош имарат бөлүнүп берилген. Учурда ал имаратта жергиликтүү ишкер айымдар кол өнөрчүлүктөрүн өркүндөтүп, кийим тигүү ишканасын ачышкан.

«Жергиликтүү ишкер айымдардын күчү менен бул ишкана ачылып, бир катар кийимдер тигилүүдө, айыл жериндеги жашоочулардын капчыктарына жараша буйрутма менен кийим тигишет. Азыр мектеп окуучуларына буйрутма алышып, мектеп формаларын тигип жатышат. Айыл жерине ыңгайлуу өтө кымбат эмес масалы бир окуучунун формасы 800-1500 миң сомго чейин тигип сатып жатышат. Азыр 5-6 жумушчу иштеп, күнүнө бул жерде ар кыл багыттагы иштерди жасашууда», - деди Р.Эсенбеков.

Бул чакан ишкана менен жолуккан өкмөттүн Нарын облусундагы өкүлү А.Кайыпов жергиликтүү ишкерлерге ийгилик каалап, алардын мындан аркы кадамдарын колдой тургандыгын билдирди.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...