Акыркы макалалар

Чаткал районуна көчүп келген этникалык кыргыздардын эсеби такталды

Чаткал райондук эмгек, миграция жана жаштар бөлүмү тарабынан район аймагына коңшулаш мамлекеттерден көчүп келишкен этникалык кыргыздардын так эсебин алуу иши жүргүзүлүп, такталды. Буга ылайык, бүгүнкү күндө Өзбек Республикасынан 146 жаран, Тажик Республикасынан 59 жаран көчүп келгендиги белгилүү болду.

Булардын ичинен, 137 жаран КРдин Кайрылман күбөлүгүн, ал эми 50 жаран өлкөнүн ички паспортун алышкан. Бүгүнкү күндө Кайрылман күбөлүгүн алуу боюнча 11 жарандын өздүк документтери облустук миграция башкармалыгына жөнөтүлүп, азырынча жооп келе элек.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...