Акыркы макалалар

Бишкек - Ош жолундагы жол кырсыгынан 6 адам каза таап, дагы алтоосу ооруканада

23-августта, кечки саат 17:00дөр чамасында Бишкек-Ош унаа жолунун 330-чакырымында (Үч-Терек айылынын чеги) "Хонда-Одиссей" (мам. № В 09-59 АО) менен "Хонда-Степвагон" (мам. № В 89-90 АР) катуу кагышып кетишкен. Анын кесепетинен 6 адам каза болуп, дагы 6 адам жабыркаган. Бул тууралуу ӨКМ кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, жол кырсыгы болгон жерге Токтогул райондук №97 өрт куткаруу бөлүмүнөн куткаруучулары барышып, каза болгон адамдардын жансыз денелерин жолоочу унаалардын жардамы менен Токтогул райондук ооруканасынын өлүк сактоочу жерине жеткирилген. Жабыркагандар да Токтогул райондук ооруканасына жеткирилген.

Тизме:

Каза болгондор:

1. "Хонда-Одиссей" унаасынын айдоочусу Аматова Иноят, 1951-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

2. Сапарова Умида, 1972-жылы туулган.

3. 1,5 жаштагы наристе. Аты-жөнү такталууда (ооруканада каза болгон)

4. Дагы бир киши такталууда (ооруканада каза болгон)

Жабыркагандар:

5. Кубатбек уулу, 1997-жылы туулган Бишкек шаарынын тургуну;

6.Кубатбек кызы Тумар, 2006-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну. Экөө тең оор жаракаттары менен Үч-Терек аймактык ооруканага тез жардам тарабынын жеткирилген.

"Хонда-Степвагон" унаасынан жабыр тарткандар жана каза болгондор:

Каза болгондор:

5.Анарбекова Чынара Анарбековна, Бишкек шаарынын тургуну.

6.Усунбаев Талантбек Хакимбаевич, 1958-жылы туулган. Аксы районунун тургуну.

Жабыркагандар:

1. Нурдинбеков Жылдызбек Орозбекович, аталган унаанын айдоочу. 1973-жылы туулган. Аксы районунун тургуну.

2.Мамат уулу Бектурсун, 1995-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну.

3.Оморова Айнура, 1968-жылы туулган, Бишкек шаарынын тургуну

4.Өмүрали кызы Химина, 1998-жылы туулган, Ош областынын Кара-Кочкор айылынын тургуну.

Төрт адам тең оор абалда Үч-Терек аймактык ооруканасына тез жардам тарабынан жеткирилген.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...