Акыркы макалалар

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунун базарында күнүнө 2 тоннага жакын кымыз сатылат

Айыл турмушу: Ак-Талаа районунун базарында күнүнө 2 тоннага жакын кымыз сатылат

Нарын облусундагы Ак-Талаа районунун борбору Баетов айылында бир жумада бир жолу боло турчу базарда кымыз сатып отурган айыл тургундары тарабынан 1 күндө 2 тоннага жакын кымыз сатылат. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Базарда кымыз сатып жаткан Суусар Калдарова, Эрмек Жокеева жана Уулкан Мамышованын айтымында, 1 литр кымыздын баасын 40-50 сомдон, ал эми бир чынысын 15 сомдон баалашат. Кымызды ышталган чанач, сабааларга, жыгач челектерге куюп келишет.

Сатуучу Суусар Калдарова алыскы Соң-Көл жайлоосунан келип кымыз сатат.

«Соң-Көлдүн кымызы деп жакшы алышат. Базарга дайыма келебиз. Бээ байлап, кымыз сатып баштаганыма 3 жыл болуп калды. Пайда жакшы эле түшөт. Андан сырткары, майрам-тойлорго деп жайлата кымыз алгандардын аягы үзүлбөйт. Бир эле адам 50-60 литр кымыз сатат, бир айда 3 тоннадай кымыз сатылат. Жылына 4 ай кымыз сатып, баш аягы 500 миң сомдон ашык акча каражат табабыз», - дейт С.Калдарова.

Ал эми, өзүн Эрмек Жокеева деп тааныштырган сатуучу базарга келип күнүнө 300 литрге чейин кымыз сатаарын айтты.

«Мен Кара-Бүргөн айылынын Жаан-Чукур жайлоосунан алып келип сатам. Кымыздан жакшы пайда түшөт. Жума сайын базарга келип, 280-300 литрге чейин кымыз сатам. Өзгөчө май-июнь айларында жаш кымыз деп көп алышат. Атайын жайлоого чейин барышып бир эле адам 100-150 литрге чейин алып кетишет. Бишкектен да атайын буйрутма берип алып кеткендер бар. Бээни өзүбүз байлап, өзүбүз саап сатабыз», - деди ал.

Ошондой эле, Уулкан Мамышова базарга кымыздын 3 түрүн алып келип сатаарын кошумчалады.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...