Акыркы макалалар

Баткен облусунда дан эгиндерин оруп-жыюу 91%га аткарылды

Баткен облусунда дан эгиндерин оруп-жыйноо иштери бекитилген графиктин негизинде өз мөөнөтүндө бүтөт. 27 миң 233 гектар күздүк жана жаздык дан эгиндин 24 миң 733 гектары орулуп-жыйналып, ал 91% га аткарылган. Бул тууралуу облустук администрациянын маалымат кызматы билдирди.

Өкүлчүлүктүн аймактык өнүктүрүү бөлүмүнүн жетектөөчү адиси А.Саттаровдун маалыматына ылайык, бүгүнкү күндө 40 комбайн иштөөдө, оруп-жыйноо иштери өз мезгилинде жүрүп, аяктап калды. Түшүмдүүлүк 16,4 центнерди түзүп, өткөн жылга салыштырмалуу 3 центнерге аз болгон, бул негизинен арпанын эсебинен болду, бирок буудай өткөн жылга караганда 1753 тоннага көп болду. Мындан сырткары? картошка 41,7%, жашылча 55,7%, бахча 88,5%, май өсүмдүктөрү 26,2% жыйналды. Ошондой эле, облуста кесек тоют даярдоо иштери кызуу жүрүүдө.

Белгилей кетүүчү жагдай, өкүлчүлүк тараптан атайын буйрук чыгарылып, элди массалык түрдө кесек тоют даярдоого мобилизациялоо жана даярдалган кесек тоютту чет жакка сатпоо тапшырмасы коюлган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...