Акыркы макалалар

Тогуз-Торо районунда күйүүчү майдын баасы 51 сомдон сатылууда

Жалал-Абад облусунун Тогуз-Торо районунда күйүүчү майдын баасы 51 сомго кымбаттады. Ал эми жеке ишкерлер үйлөрүндө күйүүчү майды 56 сомдон сатып жатышат. Бул тууралуу Тогуз-Торо районунун Казарман айылынын тургуну Адылбек Султанов билдирди.

"Бийлик өкүлдөрү күйүүчү майды арзандатып берүүнү ойлобой жатышат. Май деле көп эле ташылып келип жатат. Бирок, күйүүчү майдын баасы кымбат болууда. Майдын кымбатташы боюнча жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө кайрылсак деле чечкиндүү чара көрүлбөй жатат", - деп кошумчалады Султанов.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...