Акыркы макалалар

Алайда Алымбек датканын айкели тургузулду

Алайда Алымбек датканын айкели тургузулду

Ош облусуна караштуу Алай районунун Гүлчө айылында кечээ, 21-августта Алымбек датканын айкелин ачуу аземи болуп өткөн. Бул тууралуу Алай райондук администрациясынан кабарлашты.

Белгилүү болгондой, тарыхый инсан Алымбек датканын айкелинин ачылыш аземине Жогорку Кеңешинин төрагасынын орун басары Төрөбай Зулпукаров, вице-премьер министр Абдырахман Маматалиев, өкмөттүн Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Сооронбай Жээнбеков, Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев жана Алымбек датканын урпагы Чыныбек Абдыкапаровдор катышышкан.

Кошумчалай кетсек, аталган иш-чарада Алымбек датка басып өткөн жолун, кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн түптөлүшүнө кошкон салымдары тууралуу айтылган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...