Акыркы макалалар

Орусия акча берет

Орусия акча берет

Кыргызстанда кызуу кепке алынып, талкуудан башы чыкпаган Бажы биримдиги, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүү маселеси чечилди окшойт. Эмдиги жылдан тарта республика жаңы түзүмгө кирери ачыкка чыкты, мындай кадамдын эсесине Орусия 500 миллион доллар жардам акча берерин жарыя кылды. Ири акчаны Кыргызстан биримдиктерге кирерин жарыя кылардан мурда эле сурап келаткан.

Кыргызстандын Бажы биримдик, Евразиялык экономикалык биримдикке кирүүсү күтүлгөн окуя болчу. Республика буга чейин Дүйнөлүк соода уюмуна мүчө эле. Анын зыянынан пайдасы арбын болду окшойт. Кытай, Түркия, Бириккен араб эмирлигинен агылган арзан товарлар агымы эларалык уюм мүчөлөүгүнөн Кыргызстан тапкан пайдалардын эң негизгиси. Товарлар менен жумушчу күчүнүн ээн-жайкын жүрүшү Кыргызстан кирчү жаңы түзүмдөрдө деле камсыз кылынат. Бирок ал жерде Орусия негизги оюнчу, калгандары анын коштоочусу. Экономикалык өнүгүшү жагынан Орусия, Казакстан, Белорусия Кыргызстандан кыйла алдыга озуп кеткен мамлекеттер.

Кыргызстан чет өлкөлөрдөн келген арзан товарларды экономикалык эркиндиги жагынан кыйла кысылган коңшуларына сатып, кызмат көрсөтүү, соода-сатыктын аркасы менен элинин турмушу кыйла көтөрүлүп калган мамлекеттердин бири. Бул жерде буга чейин ири базарлардын иши жүрүшүп, соода-сатык кылганга идеалдуу дегидей шарттар түзүлүп, “акча-товар-акча” схемасы мыкты иштеп, натыйжасы курулуш тармагынын ыкчам өнүгүшүнө, тейлөө тармагынын жайылышына алып келбедиби. Жаңы экономикалык түзүмдөр Кыргызстанга көндүм болуп калган көрүнүштөргө олуттуу дегидей өзгөрүүлөрдү алып келгени турат. Ириде ал Кыргызстандын өзүндө өндүргөн буюм, товарлардын бирдиктүү базарда сатылыына, атамекен өндүрүшүнүн жанданышына өбөлгө түзөрүндө шек жок. Мурдагы миллиарддаган доллардык чет өлкө товарлары эми республикага бирдиктүү бажы тарифи менен ташылып киргизилет, арзан буюмдар азаят. Товардын баасы эмес, салмагына азыноолок тыйын төлөп чекарадан ташып өтүү токтолот. Миллиондогон доллар эсебинде жүргүзүлүп турган соода-сатык, кыргызча жалпак тилде туюндурганда, чайкоочулукка чек коюлат. Мунун баары жалаң соода-сатыктын аркасында турмуш-тиричилигин оңдоп алган кыйла улутташтарыбызга биртоп тоскоолдуктарды жаратышы мүмкүн. Акыйкатта да, үч өлкөдөн арзан товарларды күргүштөтүп ташып кирип аны үчүнчү өлкөгө сатып байыгандарга, республиканын экономикалык ыңгайлуу шартынан болушунча пайдаланып келаткан ишкерлерге мындан ары кыйын болору, дегеле Кыргызстандын жаңы түзүмгө кириши биртоп суроолорду жаратары белгилүү.

Республикада өнөржай өндүрүшүнүн ыкчам өнүгүшүнө эгемендик жылдары негизи жетиштүү көңүл бурулуп, мамлекеттик деңгээлде колдоо көрсөтүлгөн деле жок. Социализм заманынан калган өнөржай ишканаларынын көбү таланып-тонолуп, жабдуулары сыртка сатылып, аягында беш манжа менен санала турган гана ишканалар калып, завод-фабрикалардын имараттары бапыраган базарларга айландырылып, өлкө ортомчу сервистик кызмат көрсөтчү аянтча болуп калган. Кыргызстан эки ирет күч менен бийлик алмаштыруу түйшүгүн башынан кечирди, анын натыйжасы экономикалык өнүгүүнүн жайлашынан көрүндү.

Кези келгенде Кытайдан 8 миллиард доллардык товар алууга жетишкен Кыргызстандын негизги соода-экономикалык өнөктөшү Орусия менен Казакстан экинчи жыл Бажы биримдигинде жашап, ортолук оюн эрежелерин киргизип алышы Кыргызстандын көнүмүш экономикалык турмушуна да таасирин тийгизди. Мына эми республика Бажы биримдикке, анан Евразиялык экономикалык биримдикке киргени туру. Кош биримдик ириде өлкөнүн өнөржай өндүрүшүн алдыга жылдырууга өбөлгө түзөрү, эгемендик тушунда токтолуп калган индустрияны калыбына келтиришке мажбур кылары арбын айтылды окшойт.

Республиканын сыртка алып чыкчу негизги товары - ушу тапта “Кумтөр” алтыны. Андан кийинки үмүт арткан айыл чарба товарларынын көлөмү аз, масштабы чектелүү, алар эч качан өнөржай товарларына атаандаш боло албасы элдин баарына белгилүү. Ошондон социализм заманында кыйла көтөрүлүп калган өнөржай өндүрүшүн, заманбап өнөржай ишканаларын куруу милдеттери туру. Өкмөттүн стратегиялык планына киргизилген айрым ишканалар Кыргызстанды кайрадан индустриялуу өлкөлөр катарына кошушу керек.

Түп нускага шилтеме : saresep.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...