Акыркы макалалар

Жүгөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү тажрыйбасы көрсөтүлдү

Кечээ, 21- августта Чүй облусуна караштуу Ысык-Ата районунда Испания жана Түркиядан алынып келинген жүгөрүнүн жаңы сортторун өстүрүү тажрыйбасы көрсөтүлгөн. Бул тууралуу Айыл чарба жана мелиорация министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.

Белгилүү болгондой, аталган иш-чара "Талаа күнү-2014" долбоорунун алкагында өткөрүлгөн. Анда тажрыйба бөлүшүүнү өлкөнүн бардык облустарында өткөрүү пландалып жатканы белгиленген. Дыйкандарга жүгөрүнү сээп, кайра жыйнап алганга чейинки жаңы ыкмалар көрсөтүлгөн. Аталган иш- чарага айыл чарба министри Таалайбек Айдаралиев жана бир катар эл аралык уюмдардын өкүлдөрү катышышкан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...