Акыркы макалалар

7 айда карызга түшкөн 78 миң абоненттин электр жарыгы өчүрүлгөн

"Түндүк электр" ААК электрдик тармактарына өздүк керектөөчүлөргө бөлүштүрүү үчүн 3 811, 9 млн кВт саат электр энергиясы келип түшкөн, бул 478, 9 млн кВт саатка, же өткөн жылкы көрсөткүчтөн 14 % көп кубаттуулуктагы энергия өндүрүлүп чыккан. Бул тууралуу аталган мекемеден билдиришти.

Маалы болгондой, керектөөчүлөр категориясы боюнча талдоо боюнча, өнөр-жай жана бюджеттик уюмдарынын керектөө көлөмү боюнча кескин айырмачылыктар байкалган эмес. Турак-жай чарбасы жана коммерциялык обьектилердин керектөөсү 90 млн кВт саатка, же 18% дейре өскөн. Калк тарабынан керектөө 390 млн кВт саатка, же 22% жогорулаган.

Ошондой эле, энергетиктердин аракетине ылайык, иш жүзүндөгү жоготуулар 2,5% төмөндөп, 13,88 % түздү, бул тийиштүү чектен 0,91 % төмөн. Ошондой эле Бишкек шаары боюнча дебитордук карыз 7,4 млн сомго, анын ичинде калктын карызы 4,9 млн сомго кыскарган.

Мындан сырткары, карыздарды кыскартуу максатында жыл башынан бери 29,9 млн сом суммасындагы карызды күчтөп өндүрүү максатында 315 арыз берилген. Аталган учурда "Түндүкэлектр" пайдасына 29,9 млн сом суммасындагы 84 чечим чыгарылган. Карызга түшкөндүгү үчүн 78 миң абонент өчүрүлгөн.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...