Акыркы макалалар

Баткен облусунда көмүрдүн 1 тоннасы 3 миңден 7 миң сомго чейин жетүүдө

Баткен облусунда көмүрдүн 1 тоннасы 3 миңден 7 миң сомго чейин жетүүдө

Баткен облустук администрациясынын маалыматына ылайык, учурда аймактагы райондор менен шаарларда көмүр сатуучу түйүндөр ачылып, элдин кышка даярдануусуна көмөк көрсөтүлүүдө. Бюджеттик мекемелерди көмүр менен камсыздоо үчүн тендерлер 70% өтүп бүттү. Көмүрдү элдин керектөөсү 60 миң тоннадан ашат, ал эми мектеп, ооруканаларга 11 миң тонна көмүр жагылат.

Бүгүнкү күндө 1 тонна көмүр Баткен районунда 7 миң сом, Кадамжай районунда 4 миң сом, Кызыл-Кыя шаары менен Лейлек районунда болсо 3 миң 100 сомдон сатылууда.

Баткен облусунун калкы негизинен Сүлүктү, Кызыл-Кыя жана Самаркандек кендериндеги шахталардан өндүрүлгөн көмүр менен камсыз болушат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...