Акыркы макалалар

2015-жылга жергиликтүү бюджеттин долбоорунун жалпы көлөмү 16 млрд сомдон ашат

2015-жылга жергиликтүү бюджеттердин чыгашаларынын долбоору жана 2016-2017-жылдарга божомол Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарына жана эки деңгээлдүү бюджеттик системага жараша аныкталды.

Жергиликтүү бюджеттердин жалпы саны 484 бирдикти түзөт. Алардын экөөсү – республикалык маанидеги шаарлар, он экиси – облустук маанидеги шаарлар, он жетиси – райондук маанидеги шаарлар, төрт жүз элүү үчү – айыл аймактары.

2015-жылга республиканын жергиликтүү бюджеттеринин долбоорунун жалпы көлөмү 16 млрд 660 млн 300 миң сомду түзөт. Башкача айтканда, 2014-жылга салыштырмалуу 804 млн 900 миң сомго көбөйөт. Жергиликтүү бюджеттердин көлөмүнүн көбөйүшү негизинен жергиликтүү бюджеттердин көбөйүшү менен байланыштуу.

2015-жылга жергиликтүү бюджеттердин долбоорлорун түзүүдө жалпы мамлекеттик жана башка кирешелерден чегерүүлөрдүн ченематтары 2014-жылдагы деңгээлде калтырылды. Атап айтканда:

- салык агенти тарабынан төлөнүүчү киреше салыгынан – 50%

- сатуудан алынуучу салыктан – 50%

- ыктыярдуу патенттин негизиндеги салыктан, милдеттүү патенттештирүүнүн негизиндеги салыктан, бирдиктүү салыктын негизиндеги түшүүдөн – 100%

- жер казынасын пайдалангандыгы үчүн салыктан (стратегиялык пайдалуу казылып алынуучу кендерди кошпогондо, роялти: алтын, мунай, газ) – 50%.

Финансы министрлиги 2015-жылга республикалык бюджеттин социалдык пакетинде төмөндөгү чыгашаларга кетчү 230 млн сом суммасындагы акча каражаттарын республикалык бюджеттен жергиликтүү бюджеттерге өткөрүлүп берилүүчү каражаттар түрүндө кароону пландап жатат. Атап айтканда республиканын бийик тоолуу жетүүгө кыйын болгон чөлкөмдөрү үчүн электр энергиясы боюнча компенсациялоого – 118 млн сом, Ош шаарын жылуулук менен жабдууга – 105 млн сом, коммуналдык кызматтарга жана көмүр алууга – 7 млн сом бөлүү пландалууда.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...