Акыркы макалалар

Барак анклавынын жашоочуларынын көйгөйүн чечүү үчүн 3 млн АКШ доллары бөлүндү

Барак анклавынын жашоочуларынын көйгөйүн чечүү үчүн 3 млн АКШ доллары бөлүндү. Бул тууралуу КРнын Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздөө бөлүмү билдирди.

Аталган каражат Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл округундагы “Сары-Колот” жаңы конушуна инфраструктура куруу жана долбоорлоого багытталат. Ал жакка Ош облусунун Барак эксклавынын жашоочуларынын бир бөлүгү көчүрүлөт, ошондой эле аларга бөлүнгөн карыз кайтарымсыз болот.

2 396 150 АКШ доллары Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Ак-Таш айыл округундагы “Сары-Колот” жаңы конушунун аймагын өнүктүрүү жана өздөштүрүү боюнча иш-чараларды өткөрүүгө, ал эми 603 850 АКШ доллары Ош облусунун Барак эксклавынын көчүрүлүп жаткан жашоочуларына кайтарымсыз карыз иретинде бөлүнөт.

Ар бир үй-бүлөгө бөлүнгөн карыздын көлөмү 200 000 сомду түзөт.

Муну менен катар өкмөт башчысы бөлүнгөн каржы каражаттарын максаттуу пайдалануу жоопкерчилигин мамлекеттик органдардын жетекчилерине жүктөйт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...