Акыркы макалалар

"Параграф": Атабыз аска-зообуз эле...

"Параграф": Атабыз аска-зообуз эле...

Аян түш

Түш көрдүм. Атам ооруканада жаткан экен. Сүт азыктарымды көтөрүп алып барыптырмын. Барсам атам биз бала кезде, өзү жаш кезинде кийип жүрчү боз плащы менен ак калпагын кийип мени тосуп чыкты. Колумдагы азыктарды берип “Ата, таарынбаңызчы? Аз эле азык алып алыптырмын” деп жатыптырмын. Бир аз убакыттай бир нерсе сүйлөшкөндөй болдук. Бир убакта “Жаку, менин ийне ала турган убагым болду. Сен да эртерээк, күн жылууда кетип кал” деп, атам күтүүсүздөн экөөбүз сүйлөшүп турган жар сыяктуу жерден ылдый көздөй кулап баратты. “Ата-аа оорукана ушундай жерге көчкөнбү? Эски го” деп ылдый жакты карасам, кырдын астынан желе баскан балкон, топурак алдындагы эски үйлөр көрүндү. Ошол эски желеленген үйлөрдү көздөй кулап бараткан атамдын алгач башынан калпагы, андан соң плащы учуп, кийимдери өзүнөн-өзү чечилип, көзүмө карааны көрүнбөй калды. Каараныңдан кагылайын атакем ай, каараныңды издеп, жанымды коерго жер таппай турганымда тоо жактан “Жаку, кагылайын, мен бияктамын. Сен кет. Сени карап турайын” деп суунун ары жагынан үнүңүз угулду. Карасам айылыбыздын четинде жайгашкан мүрзөлөр тараптагы кырдан сырттан карап, караанымды узатып, кол булгап келбе дегендей саксактап турган экенсиз. Түш көрүп кара терге түшүп жатканымда тереземди бактын бутагы чаап алгандай болду. Көзүм умачтай ачылды. Сыртта катуу шамал болуп жаткан экен. Көп өтпөй жаан нөшөрлөп төктү. Жүрөгүм дүкүлдөп, көргөн түшүм кайрадан көз алдыма келип жатты. Келме келтирип, чоң апам айткандай түштү жакшылыкка жорудум. Эч кимге айтпайм деп сууга гана айтып алдым. Бул күн 6-ноябрь эле. Оо, кагылайын Кудай, ошондо чындап эле атамдан түбөлүккө коштошуп калаарымды билгенде гана. Аттиң. Арман дүйнө...

“Кагылайын” деген сөзүңүзгө зар болуп олтурам

Ошол түштү көргөн күнү иште отурсам, телефон чалып, “Жаку, тоскоол болбоймбу? Ишиң кандай? Үйүң жылуубу? Үшүгөн жоксуңбу?” деп абалымды сурап, алдыдагы журналисттер күнү менен куттуктадыңыз. Оо, кагылайын атакем ай, көрсө, мени алдын-ала куттуктап, жаныңыздын кыйналганын билгизбей, апама “Оозуң ачыктанып, Жакуга кан кусуп жатканымды айтпа! Майрамында кейитпегиле! Гезитин чыгарып алсын! Иши оор” деп мени аяп, апамдын да сиңди-инилеримдин да оозун жаап койгон турбайсызбы!? Атаганат. Ичим өрттөнүп, ошол үнүңүздү кайрадан уккум келип, сыздап турам. Жашыңыздан билим берүү тармагында эмгектенгендиктен, ар дайым билим алууну, ишти алдыңкы орунга коюп, иш менен алектенген жоопкерчиликтүү адамдарды сыйлаар элеңиз. Мен да сиздин ошол сапатыңызды мыкты билгендиктен, эч нерседен шектенген эмес элем го. Майрамга карата ИИМ министрлиги тапшырган медалды да сизге көрсөтө албай, ал тургай сүйүнчүлөп айтканга да жетишпей калдым. Аны көрсөңүз да, мурдагыдай эки бетимден өөп, жакшы сөздөрүңүз менен кубат берип куттуктап калаар элеңиз го. Иш деген иш экен. Ишке алыксып, акыркы жолу кубаттанып телефон чалганыңызда да шашып, көпкө сүйлөшкөн жок элем. “Ата-эне ою балада, баланын ою талаада” деген ушул тура. Эми “Жаку, кагылайын” деген сөзүңүзгө зар болуп олтурам. Эстесем, көзүмөн жаш да, сөз да тыйылчудай эмес. Сөз менен жеткире албайм. Оо-ооф. Ата, оор үшкүрсөм жыргап калып жатам.

“Күчтүү сынчым элең го...”

6-ноябрда кечке маал, журналисттер тобу менен резиденцияга майрамдоо үчүн жөнөп калдык. Көпчүлүгү майрамдык маанайда жүрсө, негедир менин жүрөгүм опкоолжуйт эле опкоолжуйт. Резиденциянын босогосунан киргенде эле телефонум шыңгырады. Алсам, эжеңиз Жуман апчем экен. “Жазгүл, атаң кан кусуп, ичинен да кан өтүп жатат. Таласка чыкпайсыңарбы?” деген суук кабарды угузду. Муунум калчылдап, сиз ооруканада жатканыңыздан улам, врачыңыз Тамара Усупбаевнага телефон чалып уккан кабарымды айтып, абалыңызды сураганымда “Эмнеге мынча ызы-чуу кылып жатасыңар. Атаң жакшы эле. Дарыгерлердин баары үстүндө жүрөбүз. Капельница алса таң атканча эс алып калат” деди. Бир аз өзүмө келип, апам менен апчемди “Атамдын жүрөгүн оорутпай, жамандык издебегиле! Врач билеби же силерби?!” деп урушуп салдым. Ой кудай ай, ошондо врач эмес эле апам менен апчеме ишенсем болмок экен. Кайратыңдан кагылайын атам ай, жаныңыз кейип, кан кусуп жатсаңыз да мени аяганыңыз эмне? Мына эми түбөлүккө сиз менен сүйлөшө албай калдым!... Эми мага кеп-кеңешти ким берет? Гезит чыккан күндүн эртеси, жума сайын ар бир макалага сын берип, кеп-кеңешиңизди айткан күчтүү бир сынчым элеңиз го. Эми мага сиздей ким сынчы боло алат? Белгисиз...

“Кагылайын атакем ай, эмнеге бизди аядыңыз?!”

Резиденцияда ажо, өкмөт башчы, спикер баш болуп, журналисттерге жакшы каалоо-тилектерин айтышты. ММК өкүлдөрү майрамдык маанайда майрамдап жатышса, менин ичим өрттөнүп, сыртым жалын, ичим чок болуп жатты. Ал учурда оюмдун баары сиз элеңиз. Негедир көзүмдөн жаш ыргып, ичим букка толду. Акырын сыртка чыгып, айрым кесиптештериме айтып, бук чыгарып ыйлап алдым. Үйгө шаштым. Үйгө келип эле түндөп Таласка чыкмак болдук. Апама телефон чалып, сиздин ден соолугуңузду сурап жатканыбызда трубканы алып “Жаку, түндөп жолго чыкпагыла. Ашуу кар экен, үшүп каласыңар. Таңга маал беште чыксаңар, жарык киргенде жетиде ашуудан өтөсүңөр. Тогузда Таласта болосуңар” дедиңиз эле. Ай кагылайын атам ай, ошондогу кайраттуу үнүңүздү уккан соң биз да макул болбодук беле?... Карааныңдан айланайын атакем ай, ошондо бизди эмнеге аядыңыз экен. Кыбырасак да түндөп жетип барып, акыркы керезиңизди угуп калбайт белек... Жансыз денеңизди эшиктин алдынан тосуп албайт элек го. Оо-оо-ооф...

“Эми бизди “кагылайын” деп ким эркелетет?”

Жуман апчемдин “Атаң кан кусуп жатат” деген сөзүнөн кийин кайдагы уйку... Уктабай эле ойлонуп жаткам. Саат төрттө апам телефон чалды. Суук кабар болсо экен дегендей жүрөгүм кысылып араңдан зорго трубканы көтөрдүм. “Жаку, эртерээк чыккыла. Атаң боор кусуп жиберди” дегенде денеме муздак суу куйгандай болду. Атам менен сүйлөшө аламбы дегенимде апам телефонду сизге берди. “Ата кандайсыз?” десем, “Жак-шы, жак-шы” деп алсыз сүйлөдүңүз. Кайраттуу үнүңүздүн 4-5 саатта алсызданганына ичим күйүп, “Ата жамандык ойлобоңуз. Тез эле жетип барабыз. Кайратыңдан кагылайын атам ай, биз барып калабыз” деп ый аралаш сүйлөгөнүмдө “Жаку, мен жакшы. Кейибе. Аман-эсен келгиле. Бирок, эртерээ-ээк” деген боюнча телефон коюлду. Бутум-бутума тийбей, заматта сыртка чуркап машинага отурдум. Алсыз үнүңүзгө күбө болгон жаным, шаардан чыкканда эле “Оо, кагылайын Кудай, атам менен жок дегенде 15-20 мүнөт сүйлөшүп калсам экен. Кудай ай, атама кубат берип турчу” деп жалбарып боздоп бараттым. Жолдо эч жерге токтобой, сызып жөнөдүк. Шашканда жол да арбыбайт тура. Атам ай, кайраттуулук менен алышып, чымындай жаныңыздын кыйналганын бизге билгизбей койдуңуз го. Болбосо канатсыз эле жаныңызга жетип барбайт белек. Жолдо баратып, пакеттеп акча, азык-түлүк ташып окуткан эмгегиңизди, ишимде кандай ийгиликтер болбосун маңдайыңыз жарыла сүйүнүп куттуктаганыңызды, үйдөн чуркап чыгып “кагылайын” деп тосуп алганыңызды, айткан акыл-насааттарыңызды көз алдыма келтирип сыздап бараттым. Эми бизди ким “кагылайын” деп эркелетет. 55 жаш күлгүн курагыңыз эле го. Эртелеп эмнеге шаштыңыз?...

Жетиде ашууга чыгып, телефон чалганыбызда сиздин эле эмес, апамдын да телефону жооп бербей жатканда жүрөгүм жарылып кетчүдөй абалда соккон. Көрсө, таянаар тоомдун, жөлөнөөр аскамдын абалы оор тура...

“Кумсарып супсулуу болуп жатыпсыз”

Чындап эле, ал түнү сиз айткандай жол тайгак болуптур. Шашкан менен жол азабын тартып, жолдо бир аз кармалдык. Сиз болжогон саат тогуздан кечиктик. Тогуз дегенде Таластын башталышына кирдик. Эгер жол тайгалак болбогондо саат 9да жаныңызда болмокпуз. Кайратыңыздан кагылайын берекем ай, “Кыздарым жанымдын кыйналганын көрбөсүн, акыркы сөзүмдү гана угушсун” деп болжосоңуз керек. Ошол чымырканып бизди күткөн убакытта жете албай арманда калдык. Армандуу дүйнө. Бизди күтүп, таң атканча, кан тамырларыңыз кабыл албай калганча капельница алыпсыз. Чыдамкай жаныңыз дарыны кабыл албай калганда гана “Кыздарым үйгө келди. Үйгө, элиме” деген экенсиз. Сизди ооруканадан үйгө алып келатканда биздин үйгө жетээрибизге бир эле айыл калган. Тогуздан он беш мүнөт өткөндө апама телефон чалып “апа, атам жакшыбы? Биз айылга кирдик” деп сүйлөшкөнбүз. Ошол маалда “Кыздарым келиптир” дегендей өзүңүздү таштаган окшойсуз. Сизден үч мүнөт эрте келип, эшикти кенен ачып, “Атам келатат. Бизге керезин айтат” дегендей күтүп турганыбызда апамдын чыңырып келатканын уктук. Далбастап машинанын эшигин ачсам, кумсарып супсулуу болуп жаткан экенсиз. Кумсарган жүзүңүздөн өөп-өөп алдым. “Атакем ай, көзүңдү аччы!!!” деп жалбарып боздодум. Уул-кыздарыңдын арасынан мени көбүрөөк аячу эмес белеңиз. Көзүн ачып мага айтчусун айтат го дегем. Бирок, андай болгон жок. Эки өмүрдө тең сизге ыраазы экенимди гана айтып калдым. Азыр ойлосом, ошондо муздай элең бетиңизден өөп-өөп алганыма да кудайга ыраазы болуп олтурам. Ой, жаным атам ай, эмне дейм. Сиз жөнүндө айтсам оозуман сөз, көзүмөн жаш түгөнчүдөй эмес.

“Кош бол эми, кошуңуз!”

Баса, мурунку күнү суук болуп, кар аралаш жаан жаады эле. Сиз көз жумган күнү күн ачылып, күн аркылуу мээрим төгүп, маңдайыбыздан сылап, бизди сооротуп тургандай болдуңуз. Жума күнү жерге бердик. Чоң апам “Жакшы адам жума күнү жерге берилет. Ал бейишке чыгат” деп көп айтчу. Анысы кандай сизди да, жума күнү жерге ыйгардык. Ата, шум ажалга айла да, амал да жок экен. “Ажалдан өткөн аксакал жок” демекчи, боздоп, сыздап, ажал деген аксакалга кошуп бердик. Боздоп-сыздап кайрып ала алган жокпуз. Кагылайын ата, жаткан жериңиз жайлуу, топурагыңыз торко болсун. Жаныңыз жаннаттан, бейиштен орун алсын! Тынч уктаңыз! Эми бизди арбагыңыз гана колдоп турсун! Айткым келбесе да айтайынчы, кагылайын атакем ай, кош бол эми, кошуңуз!

Армандуу кызыңыз Жазгүл КАРБОСОВА

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...