Акыркы макалалар

Кыргызстанда мектептер 73% окуу китептери менен камсыз болгон

Кыргызстанда мектептер 73% окуу китептери менен камсыз болгон. Бул тууралуу 19-августта КРнын билим берүү жана илим министри Канат Садыков билдирди.

Анын айтуусунда, аймактардагы айрым кыргыз тилиндеги мектептер китептер менен 80%, орус мектептер – бир аз төмөн, өзбек мектептер – орточо 70% камсыз болушкан.

Белгилей кетүүчү жагдай, мектептердеги окуу куралдарынын жетишпеген көйгөйүн чечүү үчүн билим берүү жана илим министрлиги китептерди ижарага берүү ыкмасын кайра киргизүүнү сунуштаган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...