Акыркы макалалар

"Параграф": Карышкырга кой кайтарткан жокпузбу?

Тоталитардык замандардын тоосу урап, кыргызга чыныгы эркин заман келди. Эми кимдин-ким экени ачык билине баштады. Акаевдик заманда жаш саясатчы Өмүрбек Текебаев, элдин сөзүн сүйлөп суурулуп чыккан. Жыйырма жылдан ашык саясий интригалар аны жүз сексен градус тескери буруп салды. Кечээки Текебаев менен бүгүнкү Текебаевдин айырмасы асман менен жердей. Бүгүн Текебаев саясий интриганын туу чокусуна чыгып, баш көтөргөндөрдү чалып жыгып, “карышкырга” айланган.

«Кыңыр иш кырк жылдан кийин билинет»

Акаевден соң президенттик орунду Текебаев үмүт кылып жүргөн. Тагдырдын тамашасы мененби, Акаевдин заманынын акырында «акырдан» жем жеп жүргөн Курманбек Бакиев, алдыга озуп чыгат да, бийлик алмашып, мамлекетти жетектеп калат. Текебаевдин «кардына кара буудай айланбай» калат. Бакиев Башмыйзам түзүү комиссиясынын төрагалыгына спикер Текебаевди дайындаганы менен, ал Башмыйзамдын аягына чыккан эмес. Парламентти башкара албай калганын билген соң, сөөмөйүн президентке кесеп, «асылып өл»-деп оппозицияга өтөт. Ал мезгилде Рысбек Акматбаев Ак үйдү курчап алып, бийликтин алсыз экендигин көрсөтүп койгон. Бакиевге каршы чыккан соң Текебаевдин кадыр-баркы эл алдында көтөрүлөт. Ошол мезгилдеги Акаевдин, жаңы Бакиевдин бийлигинен тажай баштагандар Текебаевди колдой башташат. Текебаев ошондо деле артынан ээрчиген элди ойлогон эмес, эптеп реформа жасап өз бийлигин чыңдап алгысы келген. Ошол үчүн күзүндө «Реформа үчүн» кыймылын ээрчигендерди талаага таштап, өзүнө ылайык Башмыйзамды өткөрүп «чээнге» кирип кеткен. Бакиев андан да куу экен, күзүндө башынан сылап туруп, «эшегин ылайдан өткөрүп» «ме»-деп, өз Башмыйзамын эки ай өткөзбөй өткөзүп алды да, жедеп ашмалтай болуп бүткөн тандемдеши Куловду жыкты. Текебаевге таянган Кулов жазында «чээнден» чыгып, «Бириккен Фронтту» түзүп, ич ара бакиевдик бийлик менен келишип, элди «мясокомбинатка» баштап бараткан «козёлдордой» баштап барып, өздөрү ойт беришти го, чиркин. Ошону менен өчкөн оппозицияны Аликбек Жекшенкулов Коомдук парламент түзүп тирилткен. Андан соң Алмаз Атамбаев Бириккен элдик кыймылга топтоп күч берди. Күчүнөн тайып баратканда «Жанна Д Арктай» жалындуу Роза Отунбаева БЭКтин башына келип, Бакиевдик бийликти кууп чыгышты. Көксөгөн мамлекет башчысынан кур калган Текебаев баягы Башмыйзамына асылып, баары бир президент болбосуна көзү жеткен соң, өзүн спикер элестетип, бул Башмыйзамды өзүнө ылайыкташтырып түзгөнү көрүнүп турат. Ооба, ал мезгилде анын кадыр-баркы бар болчу. Атасынан айрылып шолоктоп көз-жашын төккөн наристелер, жубайынан айрылып кайгыга баткан өмүрлүк жарлары, баласынан айрылган ата-энелер, бир тууганынан айрылгандар, «Ата-Мекен» партиясынын белдүү жигиттери өздөрү аянтка барышпай, ар кимдин үйүн талап-тоноп жүрүшкөнүн билишкен эмес. Таң каласың кимдир-бирөөлөр үйлөрдү талап-тоноп атышса тыя турган адамдар, дардалаңдап өздөрү аралашып жүрүшсө. Ошол мезгилде «карышкырга кой кайтартканыбыз» эми билинип жатпайбы. «Кыңыр иш кырк жылдан кийин деле билинет». Арийне, Зарылбек Рысалиевдей азаматтар «кырк айга» жеткизбей деле ачып коё алды. Ачканы курусун, өзү “карышкырларга” жем болуп, калыстыкты айтам деп, кызматынан айдалды.

«Молдонун айтканын кыл, кылганын кылба»

20 жылдан ашык жылдын ичинде «Ата-Мекен» партиясы саясатчылар үчүн «проходной дворго» айланды. Бул партияга ким деген адамдар кирип, Текебаев менен бекем кучакташып, анан бир күнү эле «ит менен мышыкка» айланышат. Бул эмоционалдуу Текебаевдин ит жылында туулган «ит мүнөзүнөнбү» же ошол кирип-чыккандардын кирди-чыкты мүнөздөрүнөнбү, талдап көрөлү. Ушул партия кыйынчылыкты башынан өткөзүп жатканда партияга офис кылууга үйүн берген, Коомдук парламентти түзүп оппозицияга жан берген Аликбек Жекшенкулов бийлик алмашканы жумушсуз жүрсө, Акаевдин таманын жалап, элди талап-тоногонго көмөктөш биринчи вице-премьери Жоомарт Оторбаев «Ата-Мекендин» көмөгү менен дагы эле биринчи вице-премьер. «Ата-Мекен» партиясы тепсендиде калганда тургузуп чаңын күбүп, гезити аркылуу элге тааныткан «Алиби» гезитинин кожоюну Бабырбек Жээнбеков, аны Америкага чакырып сыйлап, америкалык саясатчылар менен тааныштырган Равшан Жээнбеков, «шыбоо жыттанган» байпактарын чечип жылаңайлак жүргөн кездеринде, жаңы байпак кийгизип, жөө жүрсө, алдына иномарка мингизип, алдейлеген Абдырахманов Өмүрбек, дагы санап отурсак толгон-токой саясатчылардын саны арбын. Башкасын коёлу «Ата-Мекен» партиясына учуп келаткан ташты башы менен тосуп алган, бул партия үчүн «өл»-десе өлүп бере турган Абдувахаб Мониевге окшогон калемдештер жүздөрүн тескери бура баштаптыр. Бул эмне «Ата-Мекендин» алынан тайып баратканыбы? «Адалсынган молдонун үйүнөн алты камандын башы чыгыптыр» –дегендей, эл деген, адилеттүүлүктү сүйгөн адамдар, 2010-жылдын 7-апрелиндеги «Ата-Мекендин» кылыктарын эстесе кантип аны колдойт? Же «молдонун айтканын кыл,кылганын кылба»-дешип ооздорун скоч менен чаптап жүрө бериш керекпи? Иштеп аткан адамдарга да өзү түзүп алган Башмыйзамы менен бут тоскон Текебаевдин «ичи тардыгынын» чеги барбы? Башмыйзамдары менен ачкөз Акаев жетимиш депутат, андан да ачкөз Бакиев токсон депутат гана парламент түзсө ачкөз эмес «Ата-Мекен» партиясынын лидери депутаттардын санын 120га жеткизгени элдин кыжырын келтирүүдө. Бул шайлоо чечүүчү шайлоо деле эмес, а бирок, «Ата-Мекендин» күндөн-күнгө төмөндөп бараткан кадыр-баркын элге таанытат. Ошону менен бирге жаш кулачын жайып бараткан «Республика» сыяктуу партиялардын күндөн-күнгө өсүп бараткан кадыр-баркын айгинелейт. Жалал-Абадда болгон митингде жердештеринин арасында Текебаевдин кадыр-баркы нөлгө карай баратканы билинди. Жердештери сыйлабаган партия лидерин ким сыйлайт? 2010-жылы УӨтүн төрайымынын орунбасары жогорку кызматта иштеп жатып, Ош окуялары убагында жердештерине кандай экенин билип, ал-абалын сураганга да жараган эмес. Эл унутпайт. Эл бийликке жеткен Текебаевдин көзүн «чел басып» калганын унутпайт. Кечээки кембагал Текебаев жок, бүгүн «царский замокто» бир фракциянын «ханы» Текебаев отурат.

Азизбек КЕЛДИБЕКОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...