Акыркы макалалар

"Параграф": Мадылбековдор-кимдер?

"Параграф": Мадылбековдор-кимдер?

Азыркы учурда өлкөбүздүн саясый аренасында ЖКнын “Ата Мекен” фракциясынын депутаты Т.Мадылбеков кичинеден чоң кишиге чейин белгилүү адам болуп калды. Кайсы жагынан дебейсиздерби? 2010-жылдын апрель ыңкылабынын учурунда Бакиевдердин үй-мүлктөрүн талап-тоноочулукка катыштыгы бар деп шектенгендердин арасында бардыгы үчүн телеберүүлөрдө да, басма сөздөрдө да жылдыздай эле жарк этти. Т.Мадылбековдун мындан башка дагы кыңыр иштерге катыштыгы бар деген макалалар басма сөздөрдө жарыялана баштады. Алардын бири орус тилиндеги “Трибуна” гезитинин ушул жылдын 1-ноябрындагы №10 (046) санында “Откроет ли депутат ЖК Т.Мадылбеков семейную школу аферистов? ” деген темада көлөмдүү макала жарыяланган. Анын автору газетанын башкы редактору Ырысбек Өмүрзаков. Аны менен жолугушуп аңгемелешкенибизде “Макаладагы келтирилген фактыларды далилдөөчү документтер бар” деди. Ошондуктан, биз өз окурмандарыбызды тааныштыруу ниетинде ошол макаладан кыскача баяндама жарыялоону ылайык көрдүк.

Т.Мадылбековдун аялы Гүлмира Исманкулованын Бишкек шаарынын батыш тарабындагы “Красная заря” АКХ жана Кнын (Дыйкан чарбасынын ассоциациясынын) конторасынын келишкен имаратын алдамчылык жол менен менчиктештирип алып, анан аны уулу Элдар аркылуу 3-жакка сатып жиберген деген каңшаарды көпчүлүк эл биле бербесе керек. Ошондонбу, бул маселеге анча деле көңүл бурулбай келген сыяктуу. 1998-жылдын жазында ассоциациянын керектөөсүнө деген максатта кредит алуу үчүн “Красная заря” АКХ жана Кнын ошол кездеги башкармасынын төрагасы азыркы ЖКнын депутаты Т.Мадылбековдун жардамчысы Смагул Нурхалиев ассоциациянын башкармасынын административдик имаратын менчиктештирет. АКХ жана Кнын коррупциялык кеңешинин жашыруунун заседаниесинин 1998-жылдын 24-мартындагы протоколуна ылайык пайщиктердин мүлкүн 320 миң сомго сатып алат. Бирок, бүгүнкү күнгө чейин С.Нурхалиев “Красная заря” АКХ жана Кнын кассасына бир тыйын да төлөгөн эмес. Эмне үчүн дыйкан чарбасынын ассоциациясынын төрагасы пайщиктерди адаштырып, шаарга жанаша турган 430,3 чарчы метр аянттагы келишкен имаратты алдамчылык жол менен менчиктештирүүгө барган. Айланасы менен 50 сотых жерди ээлеген бардык коммуникациялары бар имарат алдамчы ээлеп алуучулар үчүн эң эле майлуу сүттүү бөлүкчө болгон жана болуп келет. Ал кезде Сокулук РИИБнин башчысы Т.Мадылбеков эле. Анын аялы “Гүлмира Исманкулова “Красная заря” АКХ жана Кнын башкармасынын төрагасы С.Нурхалиевдин аялынын жакын туугандарынан экен” деген да сөз бар. Райондук милициянын башчысы менен жакын тууганчылык айыл аймагынын башчысына укук коргоо органдары тарабынан эч кандай тынчсыздандыруу жараткан эмес.

Ошентип, пайщиктердин башын айландырып, райондук администрациянын 2000-жылдын 25-февралындагы №118 токтомуна ылайык имарат 50 сотых жери менен “Красная заря” АКХ жана Кнын башчысынын менчигине айланат.

Бирок, пайщиктер 320 миң сомдун кайда кеткендигин билүүгө кызыгышкан. Бул эле эмес, С.Нурхалиев пайщиктерди 640 миң сомго жыгып “имаратка 320 миң сом төлөдүм” деп дагы ошончо суммага кредит алыптыр. Айылдыктар аны сотко бермек болушуп, адегенде раймилицияга кайрылууну чечишет. Ал жердин башында бизге белгилүү болгон Т.Мадылбеков отурган. “Красная заря” АКХ жана К, “Аркар” СКсы болуп кайрадан түзүлүп, ал Т.Мадылбековдун аялы Г.Исманкулованын менчигине өтөт. Айылдыктардын доо-арызы менен Сокулук райсоту бул ишти карап, анда С.Нурхалиевди алдамчылык менен имаратты ээлеп алгандыгы далилденет. Доогерлер баардык инстанциядагы сот процесстеринде жеңишке жетет. 2009-жылдын 6-августундагы №1361-09-ч 6 граждандык иштин материалдары эле алдамчылык бул иш үчүн чоң жазага тартууга болоорун далилдеп турат. Бирок, 2010-жылдын апрелиндеги ыңкылаптан кийин Т.Мадылбеков жеңүүчүлөрдүн катарында болот. Ө.Текебаев аны Бишкектин коменданттыгына дайындагандан кийин Бакиевдердин үй-мүлкүн талап тоноого шектелгендерди парламенттик комиссия иликтеп жатканын билесиздер. Ошондон кийин Т.Мадылбековдун ити чөп жей баштайт. 2010-жылдын 7-апрель күнү эле ал 1993-жылкы “Тойота Одиссейден” 2009-жылы чыккан “Лексус 470” үлгүсүндөгү автомашинасына олтурат. Анын уулу шаардык маршуткадан кара Джипке орун которот. Банктык кутучалар ачылгандан кийин Т.Мадылбеков бай кишилердин бирине айланып, “Ата Мекен” партиясынын тизмеси менен парламенттик шайлоого аттанат. “Ал депутаттык мандатты 250 миң АКШ долларына алган” деп жүрүшөт. Депутат болуп шайлангандан кийин коррупцияга каршы күрөшүү комитетине төрагалыкка дайындалат. Ушул мурдагы алдамчылык боюнча токтоп калган граждандык ишти козгоого себеп болот. 2011-жылдын 14-январында судья Т.Чаргынова өзүнүн коллегасы Т.Бекешовдун чечимин (Чүй облустук жана Жогорку Соттун судьялык коллегиялары чечимди толук өзгөртөт). Анда “Аркар” СКсынын С.Нурхалиевге, В.С.Пакселевге, Г.Исманкуловага доолору боюнча өндүрүш токтотулат. Т.Мадылбеков Бакиевдик бийликтен куугунтукталгандардын бирине айланат. Судья Т.Чаргынова мыйзамдуулукту оңдоп түзөөгө чечим чыгарат. Доогерлер граждандык иш боюнча Чүй облустук сот коллегиясына апелляциялык арыз менен кайрылышат. Соттук коллегия (төрайымы И.М.Айтбаева судьялар У,К Султаналиева жана Г.М.Мамбеткалиева) бул граждандык ишти карап 1-инстанциядагы сот процесси бул ишке тиешелүү жактардын тартылбагандыгы аныкталат. Тактап айтканда каралып жаткан ишке түздөн-түз тиешеси бар айыл өкмөтүнүн да, райондук структуралардын да өкүлдөрү катыштырылган эмес. Демек, судья Т.Чаргынова өз билгениндей чечим чыгарган. Ошондуктан, иш кайрадан кароо үчүн Сокулук райондук сотуна кайтарылган. Эми Т.Мадылбеков жана анын уулу жөнүндө кандай жыйынтык болоорун эки жак тең күтүүдө. Ал эми Т.Мадылбековдун аялы Г.Исманкулова кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктөрдүн баардык операцияларын жүргүзүү үчүн (2010-жылдын 3-декабрындагы № 17557реестр)1978-жылы туулган уулу Элдар Мадылбековго ишеним кат берет. Ал апасынын “Красная заря” АКХ жана Кнын административдик имаратын алдамчылык жол менен менчиктештирип алганын билип туруп, аны үчүнчү жакты адаштыруу жолу менен саткан деген сөздөр Ново-Павловка айыл өкмөтүндө байма-бай айтылууда. Эми кайрадан сот процесси уланганы турат. Алдануу менен сатып алгандарга акча кайтарылабы аны эч ким билбейт. Ошондой эле Э.Мадылбеков апасынын ишеним каты менен “Нур” дыйкан чарбасынын (Мурдагы “Красная заря” АКХ жана Кнын) 83 пайщигинин 74 гектар жерин сатууга да үлгүргөн.

Жакында Башкы прокуратура Т.Мадылбековдун үй-бүлөсүнө тиешелүү коррупциялык алдамчылык боюнча баардык документтерди алды. Ал документтерди көзөмөл органы кандай пайдаланат азырынча белгисиз. Бирок, Т.Мадылбековдун каршылаштары ал документтерди көбөйтүп, Бишкек шаарынын жана Чүй облусунун көпчүлүк жашоочуларына жеткирүү үчүн аракеттенишүүдө. Ошентип, бул аферанын айланасындагы иш Чубактын кунундай чубала береби же акыры чекит коюлабы ага бирге күбө болмокчубуз.

Баяндаманы кагазга түшүргөн Ж.АСАНБЕКОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...