Акыркы макалалар

"Параграф": Бийлик-криминал 0-3

“Кайдан кулак чыгарса, казанчынын өз эрки” демекчи, күн өткөн сайын бийлик башындагылардын “өзүм билемдиктери” чегинен чыгып баратат окшойт. Дегенибиз элибиз ишенип, кыргызды ушулар оңдойт дегендер, четинен сомдоп жатышкандарын жашырып деле болбой калды. Кадр тандоодогу башаламандыктарды айтып отурсаң, “миң бир түн” бери жакта эле калчудай. Кээ бир министрлердин, губернаторлордун дегеле мен чиновникмин дегендердин баскан жолуна, буга чейинки ээлеген кызматтарына саресеп салсаң жакаңды кармабай кое албайсың. Эмгек китепчелерин ачсаң эле, продавец анан эле губернатор, же болбосо райондук сот аткаруучу анан эле министр дегендерди көзүң көрүп, кулагың укканда, бейиши болгур эсил гана эсэсэсэр-ди үшкүрүп эстебей коюш мүмкүн эмес. Акыркы ИИМдеги орун алмашууларды колунда сары аныктамасы бар адамдар эле түшүнбөсө, түшүнүү кыйын болуп турат. “Апрелдеги талап-тоноочулуктардын 80 пайызы аныкталды. Муну мен акырына чейин жеткизем”, деп шымаланып турган З.Рысалиевди бийликтин көтөрүп чапкандыгы, баягы кыргыздын “Көтөрүп атка салганың курсун, көчүктөн чымчып алганың курсун”-дегендей эле кеп болуп калды окшобойбу. Күч структураларынын чынчыл, реформатор жетекчилери бийлик башындагыларга жакпай тургандыгы көз-көрүнө көрүнүп калганы эл башчыларыбызга абийир алып келбесин, тескерисинче күндөрдүн күнүндө эл алдында жооп бере тургандыктарына жол ачып алгандыктарын түшүнөт болду бекен, бай болгурлар?!

Керек кезде ыймандарын шапалактап жиберчү кээ бир партия лидерлеринин шайлоо алдында, “Биз бийликке келсек, “положенец”, “смотрящий” дегендерди жоготобуз”-деген ураандарын бир эле генерал Ш.Байзаковдун өз өмүрүн эле эмес бүткүл үй-бүлө, жакындарынын өмүрлөрүн тобокелге салып ЖАМК дагы (ГСИН) баш көтөргөн положенец, смотрящийлерди “смирно” тургузуп койгонун бийиликтегилербиз өздөрү деле моюдарына алышса керек. Генералды эле кызматынан алып, тим болбостон борбордук абактын (СИЗО-1) жетекчиси подполковник Марс Жусупбековду дагы алып ыргытышкандарынын бирден-бир себеби кийинирээк толук билинди окшойт. М.Жусупбеков аталган мекемени башкарган күндөн баштап, бул мекеменин “проходной двор” эместигин, тартип баардыгына бирдей, кылмыш дүйнөсүндөгүлөр менен жолу башка экендигин, кол астындагыларга катуу талап койгондугу кээ бир “чоң” сөрөйлөрүбүзгө жакпаганы кадыресе көрүнүш болду. Баарынан кызыгы шаарыбыздын Свердлов райондук сотунун судьясы Саралинова Айнура айымдын чыркыраган чындыкты аттап кете албай, өзүнүн судья деген наамды башын өйдө көтөрүп алып жүрөөрүн көрсөтүп, М.Жусупбековдун арызын адилеттүү карап оң жагына чечип бергендиги, ЖАМК дагы башаламандыктардан кабары бар адамдарды, албетте, кубантпай койбойт. “Кыз боозуп, энесин коркутат” демекчи, райондук соттун чечимине ыраазы болушпай, ЖАМКнын Бишкек шаардык сотуна аппеляциялык арыз менен кайрылгандарын угуп алып, күйбөгөн жериң күл болот экен. Азыр көрүп-билгендердин айтуулары боюнча Алик мырза Мамыркулов башкарбай эле, анын орун басары К.Кенебаевдин кербези жүрүп, домбырасын колго алып “өлөң” айтып турган чагы дешет. “Кудай сактансаң, сактайт” демекчи, жаза тайып абактагылар өткөндөгүдөй “өнөрлөрүн” көрсөтүп башташса, жинди сууга жандары жакын “командирлерибизди” таппай калбасак эле болду. Иш десе ишке, аш десе ашка тойбой турган генералдарыбыз Ш.Байзаков, З.Рысалиевдин кыйын учурда күч структураларын жетектеп туруп, эшегибиз ылайдан өткөн соң, бийликтегилерибиздин “кайдан көрдүм кара эшек, жолдон көрдүм жору эшек” дегендей, жасаган мамилелери, бери дегенде эле адамгерчиликке жатпаса керек. Азырынча бийилик Ш.Байзаковду, М.Жусупбековду кызматынан алып, бийлик-криминал эсеп 0-2 болсо, эми минтип З.Рысалиевди кызматынан четтетип, бийлик-криминал эсеп 0-3 болуп утулуп турган чагы. Чыныгы реформаторлорду кыргыздын келечеги үчүн пайдаланып, эсепти оңдой алабы, ай ким билет?! Ошентсе дагы “аксактын акырын күтө туралы” демекчи, күтө туралы.

“Куйруктардын” буйруктарыбы же Адинанын азабын ким түшүнөт....

Үч жарым жылдан бери Бишкектеги СИЗО-1де жаткан “Азия-курулуш” фирмасынын жетекчиси Адина Турдубаеванын абактагы оор турмушун айтып, жакында анын жакындары журналисттерге пресс-конференция өткөрүштү. Туугандары Адина айымдын оор илдетке чалдыкканын, ага карата коюлган кылмыш иштеринин көбү далилсиз экендиктерин айтышып, бийлик башындагыларынан, соттордон адилет чечим чыгарып берүүсүн өтүнүштү. Туугандарынын, жактоочусунун айтууларына караганда, ишкер айым мурдагы Бакиев бийлигинин курмандыгы экендиги, кээ бир азыркы бийликтегилердин деле ач кузгундай Адинанын акырын аңдып турушкандыктарын жар салышты. Революциянын бульдозору атанган Азимбек Бекназаров дагы 2-революциянын 1-күндөрү Адина айым тарапка бульдозорун жакшы эле от алдырып, эмне себептен экени белгисиз, “троить” этип барып өчүп калыптыр. Журналисттерге жакындары аркылуу таркатылып берилген А.Турдубаеванын оор илдетке (4-даражадагы рак) чалдыкканына далил катары, абактагы тартылып алынган сүрөттөрүн жөн көрүүгө мүмкүн эмес эле. Жети айлык боюнда бар аялдарга окшоп, тешилген курсагын көтөрө албай турган А.Турдубаеваны көрүп туруп, назик делинген аялзатынын ушундай кайраттулугуна таңгалгандан башка сөз таба албадык. А.Турдубаева күнөлүүбү, жокпу бул башка кеп, ушундай өлүм менен өмүрдүн ортосунда турган адамды үй камагына деле чыгарып койсо болчудай деген ой отургандардын баардыгынын жүрөгүн өйкөп турду. Ал эмес М.Садыркулов баш болгон үч адамдын жүрөктү түшүргөн өлүмүнө түздөн-түз тиешеси барлар (генерал З.Молдошев ж.б.) деле соп-сонун үй камагында жүрүшкөндүктөрүн эске алганда, мыйзам деле баардыгына бирдей эмес экен деген ойдун курчоосунда калат экенсиң.

“Тешилбеген” крыша

Жакында редакциябызга оозубузду ачырган бир материал келип түштү. Материалда “Токмок-буудай” акционердик коомунун баасы 176 млн. сом турган мүлкүн мындан эки жыл мурда басмачы Бакиевдин учурунда 13 млн. сомго сатып алган “тешилбеген” крышасы бар бир ишкер жөнүндө айтылган экен. Катты окуп отуруп, бул иш боюнча революциянын эйфориясы менен кылмыш иши козголуп, эки жылдан ашык убакыт козголгон кылмыш иши кыңк дебей тургандыгына, ИИМ-дегилер башкы прокуратурага, башкы прокуратура кайра ИИМге жөнөтүп жаткандыктарына көзүбүз жетти. Бул иш менен тереңирээк таанышкан адамга мурдагы Мамлекеттик мүлк министрилигинин жетекчилеринин, каржы министрлигине караштуу мамлекеттик экономиканы өнүктүрүү фондунун жетекчиси Канат Мадумаровдун жана дагы Жогорку Кеңеште отурган бир депутатыбыздын кулактарынынын орду түбү менен көрүнөөрү турган иш. Бул үчүн кыйын тергөөчү же прокурор болуунун деле кереги жок. Бул иш боюнча жаңы бекиген Шамиль мырза Атахановдун кабары бар болду бекен?! Мындай иштерди Салянова “салить” этет деп биз ишенген Башкы прокурорубуздан деле кабар жок. Колго түшкөн материалдардын негизинде жылаңач баатырларчасынан журналисттик иликтөөбүздү баштадык. “Укмуштуунун” төөсү жорго демекчи, укмуштуулардын бет кабын сыйрып, бир топ кызыктуу да, таңгалычтуу да окуяларга жакында күбө болот окшойсуздар, урматтуу окурманым.

Абай АРГЫНОВ

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...