Акыркы макалалар

Кыргызстан бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча рейтигде дүйнөнүн 148 мамлекетинин ичине 100-орунду алды

Кыргызстан бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча рейтигде дүйнөнүн 148 мамлекетинин ичине 100-орунду алды

Бизнести мамлекеттик көзөмөлдөө боюнча рейтигде дүйнөнүн 148 мамлекетинин ичинен Кыргызстан 100-орунду алды. Бул тууралуу World Economic Forum (Бүткүл дүйнөлүк экономикалык форум) тарабынан даярдалган, экономикалардын атаандаштык мүмкүнчүлүктөрү (Global Competitiveness Index 2013-2014) жөнүндөгү отчетунда айтылды.

Отчетто мамлекеттик административдик талаптарга баш ийүү бизнес үчүн канчалык кыйынчылык жаратаары тууралуу айтылат.

1 баллдык көрсөткүч өтө түйшүкчүл мамлекеттик көзөмөлдөөнү, ал эми 7 баллдык көрсөткүч дээрлик кыйынчылыксыз көзөмөлдөөнү түшүндүрөт.

Алдыңкы ондукта: Сингапур (5,4 балл), Катар (5,2 балл), Руанда (5 балл), Финляндия (5 балл), Гон-Конг (4,9 балл), Бириккен Араб Эмираттары (4,9 балл), Оман (4,7 балл), Малайзия (4,6 бал), Бахрейн (4,4 балл), Грузия (4,4 балл) көрсөткүч менен киришкен.

Казакстан 3,7 балл менен 54-орунду, Россия 2,9 балл менен 120-орунду ээлеген.

Италия 2,2 балл менен, Бразилия 2 балл, Венесуэла 1,8 балл менен бизнести катаал көзөмөлдөгөн мамлекеттердин катарына кошулушкан.

2011-2012-жылдары Кыргызстан 144 мамлекеттин ичинен 3,1 балл менен 92-орунду, Казакстан 3,6 балл менен 52-орунду, Россия 2,6 балл менен 130-орунду ээлешкен.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...