Ноокат районунун Жаңы- Ноокат айыл аймагындагы «Сахабо» эс алуу багында узундугу 7 метр, жоондугу 9-10см чамалуу жыландын бар экендиги аныкталды. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.
Маалыматка ылайык, жыландын даракка оролуп турганын көргөн жаштар аны өлтүрүүгө камынышкан. Бирок, жергиликтүү аксакалдардын бири жылан зыянсыз экендигин, бул жерде мындан башка дагы жыландар болушун билдирип, аны өлтүрүүгө жол берген эмес.
«Эгерде жылан уулуу болгондо ал буга чейин деле адамдарды чагып алышы мүмкүн эле. Бирок, ушул күнгө чейин эч бир жылан чаккандар байкалган эмес», - дейт аксакалдардын бири.
Түп нускага шилтеме : turmush.kg
Азырынча бир да пикир жок...