Акыркы макалалар

Нарын. Ч. Турсунбеков: Нарын облусунун жолдорунун 12% гана асфальтталган

Нарын. Ч. Турсунбеков: Нарын облусунун жолдорунун 12% гана асфальтталган

Нарын облусунда иш сапары менен жүргөн КСДП фракциясынын лидери Чыныбай Турсунбеков Нарын районундагы асфальтталып жаткан айыл аралык жолдордун ахыбалы менен таанышты. Депутат менен чогуу жүргөн транспорт жана байланыш министри Калыкбек Султановдун маалыматы боюнча өткөн кылымдын этегинен бери каралбай келе жаткан жолдор бүт республика боюнча жаӊылана баштады. Учурда Нарын районунда алты айылдагы ички жолдорго асфальт төшөлүүдө , айрымдарында иш аяктады. «Мамлекетте ички жолдордун оӊдоло башташы, ошол өрөөндүн өнүгүүсүнө шарт түзөт, иштин да темпи жакшы. Кийинки кезекте алыскы айылдардын жолун асфальттай баштасак көп көйгөйлөр өзү эле чечилет. Республика боюнча алганда жолу эӊ аз асфальтталып жаткан облус бул Нарын, 12%ды түзөт, бирок иш акырындап жылып жатат »- дейт. Ч. Турсунбеков.

Эске сала кетсек учурда алты айылдын жолдорунан сырткары райондун Эмгекчил айылынын тушунда Бишкек -Торугарт жолу да кеӊейтилип, асфальттоого даярдалууда.

Түп нускага шилтеме : www.naryn.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...