Акыркы макалалар

Табиятка айбанча мамиле жасагандар

Табиятка айбанча мамиле жасагандар

Мен жолдошторум менен 2-6-август күндөрү алыскы Баткен облусундагы даңкы алыска кеткен Зардалынын жогорку жагына бардык. Зардали 1999-жылкы Өзбекстандын исламдык кыймылынын мүчөлөрүнүн басып кириши менен ошондой “Зарыл ишиң болбосо Зардалиге барыштын кажети жок” деген элдик лакап менен да белгилүү.

Машина менен Зардалини (125 км) басып өтүп. “Кызыл булак”, андан соң “Шутманга” чейин Баткенден 135 км жол жүрүп, анын жогору жагындагы “Жылуу Суу” (чындыгында кайнак 60-70 градус суу чыккан жер экен) деген жерге 10 км жөө басып, 2 саатта жеттик. 2 күн түнөп, жылуу сууга чөмүлүп, ыракаттанып эс алдык.

Бирок кайра кайтканда табияттка айбандык мамиле жасагандарды көрүп, өтө капаландык. “Камаз” машине менен келип, электр араа менен 5-6 метрлик жашыл арчаларды кесип, “Камазга” жүктөп жаткандарды көрдүк. “Эмне мындай жаман иштерди жасап жатасынар?” – десек, уялып да коюшкан жок. Уруксат кагаз деген жок да! Жашыл арчаларды кыйганга эч ким уруксат бере албайт. Мен жана жанымдагы ОшМУнун окутуучусу Бектур Азимов аларды жана машинанын «22-87 ЧК» номурун сүрөткө тартып алдык. Табиятка мындай айбанча мамиле жасагандарды тиешелүү уюмдар жана Баш прокуратура эстен чыкпагыдай кылып жазалайт деп ишенебиз.

Келдибай АЛЫМКУЛОВ, физика-математика илимдеринин доктору, профессор, КУИАнын мүчө корреспонденти

Түп нускага шилтеме : kyrgyztuusu.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...