Акыркы макалалар

Панфилов районунда УКТ мүчөсү кичи автобустарды аткылаган

Чүй облусуна караштуу Панфилов районунда эркек адам чолок мылтык менен кичи автобустарга карай ок чыгарган. Бул тууралуу Чүй облустук ИИБ кызматынан билдиришти.

Маалым болгондой, аталган райондун 1977-жылы туулган тургуну Кара-Балта - Кайыңды каттамындагы коомдук унаалардын айдочулары менен аялдамада чыр чыгарган. Эмоциялык абалында аңчылык чолок мылтык менен кичи автобустарга карата ок чыгарган. Мындай окуядан чочуган айдоочу өзүнүн жана жүргүнчүлөрүнүн коопсуздугуна тынчсызданып унаасын айдап кеткен. Ал эми атылган ок тууралуу күбөлөр милиция кызматкерлерине кабарлаган. Изи сууй элегинде ок аткан адам кармалган. Алдын ала маалыматтарга караганда ал уюшкан кылмыштуу топтордун биринин активдүү мүчөсү экендиги жана ИИМдин каттосунда тураары аныкталган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...