Акыркы макалалар

Ош шаарында дарбыз, коондорду саткандардын санитардык абалы текшерилип жатат

Ош шаарында дарбыз, коондорду саткандардын санитардык абалы текшерилип жатат. Бул текшерүү атайын токтомдун негизинде өтүп жатат. Мэриянын маалымат кызматынан берген маалымат боюнча, иш-чара16-августка чейин уланат.

Анын жүрүшүндө Айтиев-Осмонов, ошондой эле Ак-Бура-Монуев көчөлөрүнүн кесилишинде жашылча жемиштерди сатып отургандарга атайын комиссия барып, санитардык абалды так сактоо, жолдун боюнан алыс болууну айтышып, түшүндүрүү иштерин аткарышты.

Ош шаардык ветеринардык жана фитосанитардык инспекциясынын эксперти Асан Ашимовдун берген маалыматы боюнча, рейддин максаты – асфальт жолдон 3 метр алыс болууга жана санитардык шартты туура сактоо боюнча түшүндүрүү болуп саналат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...