Акыркы макалалар

Жумгалдыктар Кара-Кечени тартипке салууну суранышууда

Жалал-Абад облусун, андан кийин Нарын облусун кыдырып, жергиликтүү тургундар менен жолугуп жаткан Жогорку Кеңештин КСДП фракциясынын башчысы Чыныбай Турсунбеков, депутат Абдыманап Кутушев менен бирдикте 13-14 августтарда Жумгал жана Кочкор райондорунун алыскы айылдарын кыдырууну улантууда.

Алгач депутат түндүк-түштүктү бириктирип жаткан жолдун салынышы менен тааанышуу үчүн Жумгал районунун Арал жергесинде болду. Жумгал районунун акими Адылгазы Исагулов маалымдагандай, Тогуз-Торо менен Жумгалды туташтыруучу 106 чакырым узундукта жол салынат, анын 70 чакырымында буга чейин такыр жол болгон эмес. Жол бийик аска-тоолорду аралап өткөндүктөн, 700 метр узундуктагы туннел да курулат.

Ал эми Чаек, Байзак айылдарында өткөн жолугушууларда жумгалдыктар кургакчылыктын айынан тоюттун аздыгын айтышып, негизи канал, арык, насостук станцияларды иретке келтирүү көйгөйүн көтөрүштү. Байзак айылынын жашоочулары Турсунбековго Кара-Кече көмүр кенин тартипке келтирүүнү сунуштады.

"Кара-Кече кени Байзак айылынын аймагында жайгашкан. Капчыгайды ар ким каалагандай тешип-казып жатабыз. Мен өзүм былтыр кышында, тезек жактым. Экологиялык жагына көзөмөл жоктуганан улам биздин айылга суу капкара болуп агат" -, дейт жергиликтүү тургундардын бири Асанбеков

Эл өкүлү өкмөт Кара-Кече маселеси боюнча иштеп жаткандыгын, ал жерге ТЭЦ куруларын, анын жүрүшүн өзү көзөмөлгө ала турганын билдирди.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...