Акыркы макалалар

Карайлаган кайра иштетүү тармагы

Учурда дүйнө тынч эмес. Ааламдык масштабдагы азуу кагышуулардын аягы көрүнбөйт. Белгилүү болгондой Украинадагы окуяларга байланыштуу үстөккө-босток санкциянын алдында калган Орусия акыры жарылды. АКШ баштаган Европа кошунуна, Норвегия, Австралия өлкөлөрүнө өз жообун берди.

Жообу ушул бул өлкөлөрдөн келүүчү азык-түлүктөргө тыюу салып койду эле, тирешүүлөр башка нукка бурулуп кетти. Балык продукциясынын 40 пайызын Орусияга «оптом» айдап оокат кылчу Норвегия Бүткүл Дүйнөлүк Соода уюмуна арызданам деген болчу. Эми «Чили аркылуу болсо да сага сатпай койбойм» деп океандын ар жагынан аракет кыла баштады. Алмасынын айласын таппаган Польша «чыгымымды төлөп бергиле» деп Европа кошунунун өзүн жакадан алды. Европа кошуну азырынча чыгым тарткан мамлекеттердин ар бирине 400 млндоллардан берүүнү убада кылып, ооздорун басканга аракет кылууда. Жалпысынан Европа кошунуна кирген өлкөлөр Орусиянын санкциясынан 12 миллиард доллар чыгаша тартаары күтүлүүдө.

Айрым Европа кошунунун лидерлери «санкцияны шашылыш кийирип алыптырбыз» дегендей кылышты эле Орусиянын премьер-министри Д.Медведев «кылаарын кылып, кыл жип менен бууп коюшуп» түштөн кийин өкүнүмүш болгон мындай сөздөргө «цинизмдин жеткен чеги» деген баасын берди.

Кыргыздын «бирөө өлбөсө, бирөө күн көрбөйт» деген сөзү бар. Европа кошундары санкцияга байланыштуу Орусияга азык-түлүк киргизүүдөн убактылуу четтетилер замат Латын Америкасындагы өлкөлөр (Бразилия, Аргентина, Чили, Перу) «ал кенемтени биз эле толтурабыз» деп чыгышкан. Бир жагынан Орусия өзү да «келгиле» деп көз кыскан. Муну көрүп турган Европа тигил өлкөлөргө «араң эле тургансыңар го» дегендей кабак түйө карап, «андай оюңардан кайтпачу болсоңор» дегенди ачык эле эскертти. Ушунун өзү азык-түлүк рыногунун артында ири мамлекеттердин кызыкчылыгы жатканынын дагы бир далили.

Мындай шарттарда Орусия КМШ өлкөлөрүнүн алкагында Бажы кошунуна кирген Беларуссия, Казакстанга таянарын ачык айтты. Ошондой эле азык-түлүктөн Азербайжан, Өзбекстан, Армения, анча-мынча Кыргызстан өксү кылбайт деген ниетин да туюнтуп өттү. Ошону менен быйыл башкасын айтпаганда да Кыргызстан үчүн Орусиянын рыногу оңой эле ачылчудай болуп турат. Ага канчалык деңгээлде даярбыз, маселе ушунда. Ал эми Кыргызстандын айыл жана суу чарба министри Т.Айдаралиев «биздин продукциялар» Орусиянын бир шаарын камсыздаганга араң жетет» деп үшкүрүп турганы.

Бир шаары болобу, бир айылы болобу Кыргызстандын дыйкан-фермерлери маңдай тери менен өстүргөн айыл чарба продукциялары (эт, сүт азыктары, жашылча-жемиштер ж.б.) Орусияга өтүп турганы олжо. Бул үчүн Европа кошундары Орусиянын рыногун эч кимге ыраа көрбөй, ал үчүн кыл чайнашка түшүп жаткандай эле Кыргызстан да күрөшүшү керек. Кур дегенде ири болбосо да бир эле чакан шаарын «мен камсыздайм» дегенди айтканга жарасак кана?

Бул жагынан тажрыйбабыз деле бар. Элдин баары билет башкасын айтпаганда да Кыргызстан кезегинде азыркы Санкт-Петербург, мурунку Ленинград шаарын эт менен камсыз кылып турчу. Бирок, ал кездегидей күнү-түнү күпүлдөп иштеп турчу (Бишкектеги, Нарындагы, Балыкчыдагы) эт комбинаттар кайда азыр? Булардын имараты турганы менен ишпалдасы эбак чыгып, алды ким бирөөлөрдүн жеке менчигине да өтүп кетсе керек. Ошону менен жашылчасы болобу, эт-сүтү болобу кайра иштетүү ишканаларын жандантышыбыз абадай зарыл болуп тургансыйт. Анан калса көп жылдардан бери жабыла ырдаган «хорубуз» деле ушу. Бирок, жылыш байкалбайт.

Жакында Ысык-Көл облусундагы өкмөттүн ыйгарымдуу өкүлү Э.Каптагаев да ушул маселени көтөрүп чыкты. «Кайра иштетүү тармагына кан куялы, Ысык-Көлдүн жер-жемиши текейден арзан кетүүдө» деп чырылдады. Чырылдаганы го жакшы. Бирок, башка облустарга салыштырмалуу «Кумтөрдү» эки жашар баладай ээмп турган (Ысык-Көлдү өнүктүрүү фонддун айтып жатам) Ысык-Көл облус бийлигинин жашылча-жемиштерди кайра иштетүүчү көзгө көрүнөрлүк бир ири ишкана салып койгонго толук мүмкүнчүлүктөрү бар болчу. Аны жасашпады. «Кумтөр» иштегени баш-аягы Ысык-Көл фондусуна 32 млн.доллардан ашык каражат бөлүнгөн деген маалыматтар айтылат. Кана ошол каражат? Көлдүн кумуна сиңип кеттиби? Өкүнүчкө жараша, мамлекеттик масштабда деле кайра иштетүү тармагы боюнча жасалып жаткан маанай жылытарлык кадамдарды айталбайбыз.

Кыргызстан бир-бирин буттан тартып саясаттын сайказанында кайнап жаткан маалда, минтип дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда ойго келбеген өзгөрүүлөр болуп кетти. Орусияга байланыштуу айтсак, бир жагынан оңдой берди абалында тургандайбыз. Бирок, буга даяр эмес окшойбуз. Муну байкаган Бүткүл Дүйнөлүк Банктын Кыргызстандагы өкүлү А.Кремер «учурда Кыргызстан эки нерсеге, тигүү тармагына жана кайра иштетүүгө чукул көңүл бурушу керек» деген акылын айтты….Жөндүү акыл.

Кыргызстан быйылкы жылы эле Бажы кошунуна кирүүгө бет алды. Президент А.Атамбаев Орусиянын президенти В.Путин менен болгон Сочидеги жолугушуусунда ушундай деп билдирди. Батышы быягынан, АКШсы тиягынан кысымга алып, жылуу сөз угалбай турган Орусиянын президенти муну укканда жибип кеттиби же мурда айтылып жүргөндөрдүн өтөсүнө чыгайын дедиби, айтор «Кыргызстандын жакшылап даярданышы үчүн» 500 млн.доллар берерин туюнтту. Баса, жакында эле Казакстан ушул максатта 100 млн.доллар берерин айткан.

Эми бул каражаттар кайда жумшалат? Жеке пикирибизде калкыбыздын 65 пайызы тирлик кылган айыл чарба тармагына, анын ичинен эң биринчи кайра иштетүү тармагына жумшалса майнап чыгаар беле дейбиз. Дегеле, Бажы кошунуна киребиз деп чамынганыбыздан бери кыйла мезгил өттү. Себеби анын да өз талаптары, эреже-мыйзамдары бар. Бирок, адатыбызча сүйлөгөндөн башка эмнени жарыттык?

Мисал келтирсек Кыргызстандын айыл жана суу чарба министри Т.Айдаралиев малды идентификациялоо жумуштары кагаз жүзүндө эле калганын кечээ өзү айтты. Бул багытта Польша берген жеңилдетилген кредиттин (40 млн.евро) 16 млн.евросу эбак эле бөлүндү деп жатышпады беле?! Анда эмне үчүн иш жүрбөйт?! Мындай кебетебиз менен Бажы кошунундагылар мүчөлүккө кабыл алмак турсун, кайра бакан менен куубаса болду.

Көрүнүп тургандай быйыл кургакчылыктын азабын тартчудайбыз. Министр Т.Айдаралиев айткандай «ал азаптан» акча таап алууну көздөгөн ортомчулар бир таңгак чөптүн баасын эмитеден 150-200гө көтөрүп жиберишти. Бул күтүлгөн көрүнүш болчу. Андыктан мамлекет да рынокко шылтап койбой чөптүн баасын жөнгө салып турбаса, бир ууч адамдар байыганы менен калктын көпчүлүк бөлүгүнүн малынан кол жууп калуу коркунучу тургансыйт.

Ал эми келечекти ойлосок имаратын ит менен шамалга тапшырып, жабдууларын «жаркөп» жасап жеп коюшкан, эбак ким бирөөнүн менчиги болуп кеткен жер-жерлердеги кайра иштетүү ишканаларын калыбына келтирмейин алдыга жыла албайбыз. Бул эң биринчи жумушчу орундары болсо, экинчи жагынан өлкөбөздү өргө сүйрөп кетүүчү тармак. Үчүнчүдөн, «биздин да чыгарганыбыз бар» деп Бажы кошунуна колубузга бирдемени кармай барсак жүзүбүз жарык болбойбу…Башка жолду көрбөй турабыз.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...