Акыркы макалалар

Т.Сарпашев: “Биометрикалык маалымат жана биометрикалык паспорттун айырмасын билбеген жетекчилер бар”

Биометрикалык маалыматтар жана биометрикалык паспорттун айырмасын билбеген мамлекеттик кызматтарда иштеген жетекчилер бар. Ошондуктан алгач бул тапшырма менен иштей турган жетекчилерге маалымдоо иштерин жүргүзүү зарыл. Бул тууралуу КРнын биринчи вице-премьер-министри Тайырбек Сарпашев билдирди.

Анын айтымында, аталган 2 багыттагы тапшырманы аткаруу үчүн жетекчилер туура иш алып барса, жарандар дагы туура маалыматка ээ болот.

“Мен бул боюнча дагы бир жолу түшүндүрүп кетейин. Биометрикалык маалыматтар 16 жаштан жогору болгон Кыргызстандын бардык жарандарынан талап кылынат. Тактап айтканда, адистер ошол жарандардан биометрикалык маалыматтарын топтойт. Жакында боло турган шайлоого биометрикалык маалыматтар менен гана добуш берүүгө мүмкүн. Жалпысынан 3 миллиондун тегерегиндеги адамдар бул процесске катышат. Ал эми биометрикалык паспорт болсо башка маселе. Анда 16 жаштан жогору болгон жарандар аталган паспортту каалаган учурда гана берилет. Мисалы, чет өлкөгө чыкканга, же тиешелүү тараптар аталган документти талап кылганда гана жарандар паспортту алышса болот”,-дейт Т.Сарпашев.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...