Акыркы макалалар

Кытайдын Чандин облусу Кыргызстан менен айыл чарба тармагында иштешүүгө ниеттенүүдө

12-августта КРнын айыл чарба жана мелиорация министри Таалайбек Айдаралиев КЭРдин СУАР Чанди облусунун саясий бюросунун туруктуу өкүлү Ван Бинди жетектеген инвесторлор делегациясы менен жолукту. Бул тууралуу министрликтин маалымат кызматы билдирди.

Эки тараптуу жолугушуунун жүрүшүндө Т.Айдаралиев учурда иш жүрүп жаткан минералдык жер семирткич, тамчылатып сугаруу, күнөсканалар жана айыл чарба азыктарын кайра иштетүү боюнча маалымат берди.

Ван Бинди мырза өз кезегинде министрге жылуу маанайда кабыл алгандыгы үчүн ыраазычылык билдирип, эки тараптуу кызматташтыктын келечектүү болоруна ишендирди жана Кыргызстанга келген делегациянын максаты тууралуу айтты.

Кытайлык ишкерлер биздин өлкө менен соода-экономикалык кызматташтыкты жандандырууга, өзгөчө айыл чарба тармагында кызматташууга кызыга тургандыктарын билдиришти. Жолугушуунун соңунда тараптар Т. Айдаралиев жетектеген кыргыз делегациясынын КЭР СУАР Чанди облусуна иш сапар менен барып, эки тараптуу кызматташтык тууралуу келишимдерди түзүүнү макулдашышты.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...