Акыркы макалалар

Балдар адабиятынын котормолоруна сынак жарыяланды

Балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынак жарыяланды. Бул тууралуу КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссия билдирди.

Белгилүү болгондой, дүйнөлүк адабияттын мыкты үлгүлөрүнүн, анын ичинде балдар адабиятынын кыргыз тилиндеги котормолоруна сынакты КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясы, Маданият, маалымат жана туризм министрлиги, Билим берүү жана илим министрлиги, "Мурас" кыргыздын тарыхый жана маданий фонду жарыялаган.

Белгилей кетсек, ага мурда чыгарылбаган проза, кичи проза, поэзия, драматургия жанрындагы чыгармалар катыша алат.

Сынак 2014-жылдын 12-августунан 12-ноябрына чейин жүргүзүлүп, жыйынтыгы 2014-жылдын 12-декабрь - Улуттук жазуучулардын күнүнө карата чыгарылат. Катышуучуларды каттоо КР Президентине караштуу Мамлекеттик тил боюнча улуттук комиссиясында жүргүзүлөт.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...