Акыркы макалалар

Кыргызстанда эл аралык жаштар күнү белгиленди

Бүгүн КРнын эмгек, миграция жана жаштар министрлигинде эл аралык жаштар күнүнө арналган иш-чара өткөрүлдү. Аталган демилгени министрлик жана “Жаш толкун” жаштар биримдиги уюштурган.

Иш-чаранын алкагында жаш активисттер, мамлекеттик органдардын өкүлдөрүнүн катышуусунда ачылыш аземинде бир катар маселелер айтылды.

Уюштуруучулар белгилегендей, дүйнө жүзү боюнча 1 млрд 200 млн жаштар бар. Алардын 20 пайызы психологиялык ден соолугу жагынан жабыркап келишет. Ошондуктан ушул сыяктуу көйгөйлөрдү эске алуу менен өлкөдө жаштарды колдоо боюнча атайын долбоорлор каралып жатат.

Мындан сырткары, “Сорос-Кыргызстан” уюмунун өкүлдөрү учурда жаштар менен иштешүү боюнча атайын долбоор түзүп жаткандарын билдиришти.

Алардын айтымында аталган иш-аракет интернет сайт аркылуу жаштарга атайын аянтча түзүү менен биргеликте ишке ашырылмакчы.

Жаштар күнү эстрада ырчыларынын жана жаш таланттардын катышуусунда концерттик программа менен жыйынтыкталды.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...