Акыркы макалалар

Чоң-алайлыктар барымтага алынгандар бошотулбаса жол тосушат

Тажик Республикасынын чек арачылары тарабынан Ош облусуна караштуу Чоң-Алай районунун эки тургуну барымтага алынгандыгы боюнча аталган райондун тургундары чогулуп, "Кара-Мык" чек ара заставасынын имаратынын алдына кармалып турган жарандарды бошотуу талабын коюп жатышат. Бул тууралуу Ош облустук ИИБ басма сөз кызматы билдирди.

Маалым болгондой, эгерде жогорудагы талаптар 3 күндүн ичинде аткарылбаса, Сары-Таш - Комсомол-Абад унаа жолун тосууга ниеттерин билдиришкен.

Белгилей кетсек, элдин талабын угуу үчүн Чоң-Алай райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы Абдилазиз Ашыралиев, РИИБдин башчысы Таалай Калбердиевдер барышкан.

Ошондой эле, азыркы тапта Чоң-Алай районунун аймагында коомдук-саясий абал туруктуу сакталып, эл арасында түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп жатат, деп айтылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...