Акыркы макалалар

Issyknews. Ысык-Көлдө жергиликтүү шайлоого 40%га бюллетен жетпей калды

Облустун ар бир райондорунда бюллетендердин санын тактоо иштери жүргүзүлдү. Тактоо маалыматында облус боюнча бюллетендер айрым жерлерде 40 пайызы жетпей калган. Бул тууралу Ысык-Көл облустук демократия жана жарандык коом үчүн коалициясынын региондук директору Мира Абдраимова билдирди.

Анын айтымында жетпей калган шайлоо участкаларына бюллетен берүү боюнча Бишкек басмаканасына кайрылышкан: “Кебир шайлоо участкаларында 15% ашып калды. Аны кайра Бишкекке жиберүүдөбүз. Шайлоо баракчалары Ак-Суу районунда көбүнчө жетпей калды.”- дейт М.Абдраимова. Мындан сырткары шайлоого кандидатын койгон талапкерлердин саны көп болгондуктан бюллетендердин өлчөмү Жети-Өгүз районунда 75 см жана Ак-Суу районунда 55 сантиметр болгондугун кошумчалады ал.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...