Акыркы макалалар

С.Мамбетова: “2015-жылы окуучулардын бардыгына бирдиктүү форма кийүүгө талап коюлат”

2015-жылы окуучулардын бардыгына бирдиктүү форма кийүүгө талап коюлат.Бул тууралуу Мектепке чейинки, мектептик жана мектептен тышкаркы билим берүү башкармалыгынын башкы адиси Салтанат Мамбетова билдирди.

Анын айтымында, ушул жылдын 1-сентябрынан баштап бирдиктүү форма долбоору ишке ашат. Бул жылы долбоор пилоттук негизде аткарылып жаткандыктан бардык окуучулар форманы кийүүгө мажбур эмес.

Үстүбүздөгү жылдын 1-июлунда бирдиктүү форманын үлгүсүн тандоо боюнча сынак жыйынтыкталган. Смс добуш берүүнүн натыйжасында 3-номердеги Элвира Султангазиева аттуу дизайнер жеңген. Форма 1-4-класс, 5-8-класс жана 9-11-класстар үчүн 3 үлгүдө каралган.

“Окуучулардын ата-энелери аталган үлгүдөгү кийимди капчыгына ылайык сатып алышса болот. Кымбат кездемеден тигилген форма кымбат болот. Ал эми ошол эле өңдө бирок арзан кездемеден тигилгендин баасы орточо болот. 1-сентябрга чейин формалар базарларда сатыла баштайт. Долбоор этап менен ишке ашат. Тез эле бардыгы ушундай форма киет дегенге сөз бере албайбыз. Шартка жараша болот. Кийинчерээк жетиштүү деңгээлде форма даяр болгондо бирдиктүү форманы кийүүгө окуучулардын бардыгына шарткоюлат. Тактап айтканда, 2015-жылдагы окуу жылында бардык окуучулардан талап кылабыз”,-дейт Салтанат Мамбетова.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...