Акыркы макалалар

Ак-Талаа районунун Баетов айылында балдар аянтчасы жасалды

Ак-Талаа районунун Баетов айылынын Жеңиш паркына жана айылдын борборуна балдар ойноочу аянтча жасалды. Бул тууралуу Баетов айылынын айыл өкмөтү Талант Турусбеков билдирди.

"Айылдагы балдардын ойной турган жери жок болчу. Ошондуктан айылга балдар ойноочу 2 аянтча жасадык. Аянтчага селкинчектер, жылгаяктар коюлду. Балдар аянтчасын курууга жергиликтүү бюджеттен 110 миң сом акча бөлүнүп берилген. Ошондой эле айыл тургундары дагы аянтчаны курууга жардам көрсөтүштү", - деп кошумчалады Турусбеков.

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...