Акыркы макалалар

Нарында бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны 10 миңге жетет

Нарын облусунда бөйрөк оорулары менен жабыркагандардын саны 10 миңге жетет. Бул тууралуу Нарын облустук үй-бүлөлүк медицина борборунун башчысы Анара Бердикожоева билдирди.

Анын айтымында, жылына төрт миңден ашык бейтаптар бөйрөк оорулары менен каттоого турушат. "2010-жылы Саламаттык сактоо министрлигинин буйругу менен гемодиализ бөлүмүн ачууга аракет кылынган. Учурда областтык ооруканада гемодиализ бөлүмү бар болгону менен, гемодиализ аппараты жана кадрдын жоктугунан толук кандуу ачыла элек. Ошондуктан бөйрөк ооругандар башка жактарга көчүп кетүүгө аргасыз болушууда”,- дейт А.Бердикожоева.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...