Акыркы макалалар

Ат-Башы районундагы малчылардын майрамында кыргыз күрөшү оюну боюнча 60 балбан күч сынашты

Ат-Башы районундагы малчылардын майрамында кыргыз күрөшү оюну боюнча 60 балбан күч сынашты

Нарын облусунун Ат-Башы районундагы Арпа жайлоосунун «Коргон-Таш» өрөөнүндө 5-6-август күндөрү өткөн малчылардын майрамы кыргыз күрөшү оюну менен коштолду. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Анда райондун жер-жерлеринен келген 60тан ашуун ар кыл салмактагы мушкерлер бетме-бет чыгып, күчтөрүн сынашты. Эки күнгө созулган бул мелдештин жыйынтыгы 6-август күнү финалдык тур менен жыйынтыкталып, алдыңкы орундарга балбандар чыгышты.

Кыргыз күрөшү боюнча 60 кг салмактагы балбандардан 1-орунга райондун Ача-Кайыңды айылынан Темирбек Абдылбаев, 2-орунга Казыбек айылынан Манас Шаршенов, 3-орунга Казыбек айылынан Жолболду Мунушовтор келишти.

Ал эми 80 кг салмактагы балбандардан 1-орунга Казыбек айылынан Бекжан Токтобаев, 2-орунга Ача-Кайыңды айылынан Улук Бокоев, 3-орунга Рахат Атабеков келип, жеңүүчү деп табылды. Ошондой эле, 100 кг салмакка чейин жана андан жогорку салмактагы спортчулардан 1-орунга Терек-Суу айылынан Олжобек Чалбаев келсе, 2-орунга Мээрбек Кубаталиев Ача-Кайыңды айылынан келген. Ал эми 3-орунга Азис Турусбеков Терек-Суу айылынан келип байгелүү орундарды алышты.

Жеңүүчүлөргө акчалай сыйлык жана сыйлоо баракчалары ыйгарылды.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...