Акыркы макалалар

Саякбай Каралаевдин эстелиги орнотулат

Саякбай Каралаевдин 120 жылдыгы 27-сентябрда кичи мекенинде белгиленет. Манасчысынын 120 жылдыгына арналган иш-чара республикалык деңгээлде өткөрүлөт.

26-сентябрда филармонияда чоң иш-чара өткөрүлөт, ал эми 27- сентябрда Тоң районунун Ак-Өлөң айылында манас айтуу, театралдаштырылган оюндар, кыргыздардын улуттук оюндары сыяктуу бир нече маданий иш-чаралар өткөрүлөт.

Өкмөттүн ыйгарым укуктуу өкүлү Э.Каптагаевдин айтымында, бул жылы республика боюнча манасчынын 120 жылдыгын белгилөөгө кызуу даярданып жатышат. Анын кичи мекенинде манасчынын урматына эстелик орнотулат жана ал жакта музей курулат.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...