Акыркы макалалар

Ош шаарында 31-август - Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата даярдыктар башталды

Ош шаарында 31-август - Эгемендүүлүк күнүн майрамдоого карата даярдыктар башталды

КРнын көз карандысыз күнүнүн 23 жылдыгын майрамдоону уюштуруу иштерине кызуу даярдыктар көрүлүүдө, деп билдирди мэриянын басма сөз кызматы.

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаевдин буйругунун негизинде 6-августтан тартып Ош шаарында майрамга шаарды даярдоо боюнча санитардык жактан ирээтке келтирүү боюнча ишембиликтерди өткөрүлөт.

Мындан тышкары, шаардагы эстеликтердин айланасын оңдоп түзөөдөн өткөрүп, тегереги ирээтке келтирилет. Ар бир мекеме ишканаларда Кыргызстандын жана Ош шаарынын желектерин жаңыртып илүү боюнча тапшырмалар берилди.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...