Акыркы макалалар

Ошто битир-садагадан жардам алуу үчүн 50дөн ашык үй-бүлө кайрылды

Ош шаарында Рамазан айында элден чогулган битир-садагадан жардам алуу үчүн 50дөн ашык колдоого муктаж үй-бүлө жергиликтүү казыятка арыз менен кайрылган. Учурда түштүк калаада бул багытта канча каражат чогулганы тактала элек. Анткени мечиттерге түшкөн акчаны жалпы чогутуу, эсептөө уланып жатат.

Ош шаарынын казысы Убайдыла ажы Сарыбаев "Кабар Ордого" билдиргендей, бүгүн, 5-августтан тарта битир-садаганы муктаждарга бөлүп берүү башталды. Жагдайына карап бир үй-бүлөгө 500 сомдон 3 миң сомго чейин жардам берилет.

Эске салсак, быйыл орозо-битирдин өлчөмү 32 сом деп аныкталган.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...