Акыркы макалалар

Алай районунда мектеп окуучуларын калориялуу тамак-аш менен камсыз кылуу боюнча ата-энелерге семинар өткөрүлдү

Алай районундагы Отунчиев атындагы мектеп гимназиясында Мерсико уюму тарабынан ата-энелерге окуучулардын калориялуу тамак-аш менен камсыз кылуу максатында семинар өткөрүлдү. Бул тууралуу аймактык кабарчы маалымдады.

Мында ата-энелер окуучулардын ден соолугун кантип сактоо керек, туура тамактануунун ден соолукка тийгизген таасири, бала эмне үчүн ооруп калат жана башка суроолорго кеңири жооп ала алышты.

Аталган эл аралык уюму тарабынан мектеп гимназияга окуучуларга кошумча тамак берүү максатында 1232 литр май, 2850 кг күрүч, 5600 кг байытылган ун жана 1150 кг буурчак азык-түлүктөрү берилди.

Жаңы окуу жылынан тартып бериле турган бул азыктар окуучулардын ден соолугу үчүн өзгөчө мааниге ээ экендигин белгиленди.

Жыйынтыгында Мерсико уюмунун өкүлү Гаррет Хаббардка мектеп администрациясы жана ата-энелер окуучулар үчүн көрүп жаткан мындай камкордугу үчүн ыраазычылык билдиришти.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...