Акыркы макалалар

Кыргызстанга 6 ай аралыгында 1 млндон ашык турист келди

2014-жылдын акыркы алты ай аралыгында Кыргызстандын аймагына келген туристтердин саны 1 миллион 300 миңге жетти. Мындай көрсөткүч өткөн жылга салыштырмалуу 8%га жогору болгон. Бул тууралуу маданият, маалымат жана туризм министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, бүгүнкү күндө карата Ысык-Көлдүн аймагындагы пансионаттарда бош орун жок. Ошондой эле, туристтик сезондун эң кызуу убагы экинчи жарым жылдык (жай-күз) болуп эсептелет жана туристтердин мындан да көп келээри күтүлүп жатат.

Мындай сырткары, имидж-роликтер тартылып жатат. "Бул түрмөктөр өз кезегинде улуттук спорттун түрлөрүн пропагандалап, туристтерди Кыргызстанга тартуу максатын көздөйт"- деп, жазылат маалыматта.

Түп нускага шилтеме : kyrgyz.vb.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...