Акыркы макалалар

Э.Сариева: Үстүбүздөгү жылдын 25-августуна дейре жалпы билим берүү мекемелеринин пландаштырылган курулушун аяктоо зарыл

4-августта Кыргыз Республикасынын вице-премьер-министри Элвира Сариева “Капиталдык салым” беренеси боюнча каржылоо жүргүзүлүп жаткан социалдык объектилердин курулушун тездетүү маселеси боюнча жыйын өткөрдү.Бул тууралуу КР Өкмөтүнүн аппаратынын маалыматтык камсыздоо бөлүмү билдирди.

Жалпы билим берүү мекемелеринин курулушунун жүрүшү тууралуу маалыматты КР Өкмөтүнө караштуу Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттиги жана Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим министри Канат Садыков маалымдады.

Жыйын соңунда Архитектура, курулуш жана турак-жай коммуналдык чарбасы мамагенттигине үстүбүздөгү жылдын 25-августуна дейре жалпы билим берүү мекемелеринин пландаштырылган курулушун аяктоо тапшырмасы берилди.

Буга катар Финансы министрлиги “Капиталдык салымдар” беренеси алкагында курулуп жаткан мектеп жана башка социалдык объектилердин курулушуна багытталчу каражаттарды өз учурунда бөлүп берүүсү тийиш.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...