Акыркы макалалар

Ысык-Көлдө Франциянын жаранын тоноого шектүү адам кармалды

КРнын ИИМ, Ысык-Көл ОИИБ жана Ак-Суу РИИБнин кызматкерлери биргелешип өткөргөн ыкчам-иликтөө иш-чарасынын натыйжасында Боз-Учук айылында Франциянын жараны Одри Шастонду тоноого шектүү катары 25 жаштагы Ак-Суу районунун Теплоключенка айылынын жашоочусу Урмат Солтонбаев кармалды. Бул тууралуу облустук ИИБнин маалымат кызматы билдирди.

Чет элдик жарандын тонолушу боюнча Ак-Суу РИИБ тарабынан ККнын 167-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Кармалган адам Каракол ШИИБнин убактылуу кармоочу жайына камакка алынды.

1-августта Ак-Суу РИИБне аймактык ооруканадан Алтын-Арашан жайлоосунан денесинен жаракат алып 36 жаштагы Франциянын жараны Одри Шастон аттуу айым жаткырылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн.

Жабырлануучунун айтуусунда, ал 22-июлда өзү жалгыз жөө Алтын-Арашан жайлоосуна экскурсияга чыгып, ал жакта Урмат аттуу жергиликтүү жашоочу менен таанышкан. Ошол эле күнү саат 22.00-23.00 чамасында Урмат ал жашаган боз үйгө кирип, эч сөз айтпастан эле уруп-сабап, 5 миң сомун жана кредиттик карточкасын тартып алган. Эртеси күнү Урмат боз үйдүн ээси менен кошо жабырлануучуну автомашинада Караколго жеткирип, өздөрү белгисиз жакка кетип калышкан.

Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...