Кыргыз Республикасынын Коомдук телерадиоберүү корпорациясы жана Республикалык медиакоммуникациялар окуу борбору “Сорос-Кыргызстан” фондунун “Маалымат эркиндиги” программасы менен биргеликте “Жергиликтүү телеберүүчүлөрдүн потенциалын жогорулатуу” долбоорунун алкагында “Жаңылыктар алиппеси” аттуу семинарга катышууга сынак жарылайт.Бул тууралуу КТРдин басма сөз кызматы билдирди.
Семинар 2014-жылдын 8-12-сентябрь күндөрү КТРКнын Ресурстук борборунда өтөт.
Семинардын программасы:
· Жаңылыктарды берүү принциптери
· Маалымат булактары
· Сюжеттин элементтери жана жанрлар
· Тартуунун жана монтаждоонун негиздери
· Видеотизмектер менен иштөө
· Интервьюнун техникасы
· Сөз ыгы
Семинардын окутуучулары–Кыргызстандын телекомпанияларында иштеп, практикалык тажрыйба топтогон жана жаңылыктык журналистика, атайын репортаж, социалдык жарнама жана имидждик тасма даярдоо жөнүндө окутууларды өтүү боюнча тажрыйбалуу медиа-тренерлер.
Сынакка кыргызстандык телерадиокомпаниялардын жаңылыктар бөлүмүндө эмгектенген жаш журналисттер менен оператор-монтажерлор катыша алат.
Семинарга катышуу үчүн атайын каттоо-анкетасын толтуруп, 2014-жылдын 15-август күнү саат 17:00гө чейин training_center@ktrk.kg электрондук дарегине жөнөтүңүз.
Семинарды уюштуруу, жол кире жана жатакана акыларын уюштуруучулар камсыздайт. Тамактануу акысынын бир бөлүгүн катышуучулар өздөрү төлөөгө милдеттүү. Толук маалымат үчүн окуу борборунун директору Аделя Лаишевага a.laisheva@ktrk.kg кайрылсаңыздар болот.
Түп нускага шилтеме : kyrgyzkabar.kg
Азырынча бир да пикир жок...