Акыркы макалалар

Жалал-Абадда гемодиализ аппараттары бузулуп, оор абалда турган бейтаптар өкмөттөн жардам суроодо

Жалал-Абадда гемодиализ аппараттары бузулуп, оор абалда турган бейтаптар өкмөттөн жардам суроодо

Жалал-Абад шаарында гемодиализ алып, жашап жаткан 20дан ашык адам массалык түрдө өкмөткө, Саламаттыкты сактоо министрине, Жогорку Кеңешке, маалымат каржаттарына бөйрөктүн милдетин аткарып, кан тазалап туруучу аппараттар бузулуп, өлүп калуу коркунучунда турганын айтышып, жардам сурап кайрылышууда. Бул тууралуу Turmush басылмасынын аймактык кабарчысы билдирди.

Гемодиализ алып жүрүүчү бейтап Талант Жээнбаевдин айтымында, Жалал-Абад облустук оорукананын администрациясы кат аркылуу аппаратты оңдоо боюнча улам кайрылып, Закиржан аттуу адисти жиберишет. «Ал атайын Бишкектен келип чукулап, оңдобой эле кетип калат. Мурда аппарат бузулган учурда Ош шаарына,Бишкекке барып гемодиализ алчубуз, эми Ош шаарындагы да,Бишкек шаарында да жасалма бөйрөк бөлүмдөрү кескин түрдө баш тартууда», - дейт ал.

Алардын бири Осмон Шайбеков билдиргендей, бул жерге Жалал-Абад, Ош облустарынан 100 чакырым жол басып келип, гемодиализ алып турушат. «Мен Таш-Көмүр шаарынан каттап алчумун.Күн алыс каттагандан тажап, аргасыз көчүп келдим. Ал эми башкалар Майлуу-Суу, Кочкор-Ата, Ноокен, Өзгөн шаарынан келип гемодиализ алышат. Азыр 4 аппараттын 2 аппараты бузулуп, экөө менен күнү түнү иштеп, бирде бузулуп, бирде иштеп гемодиализ алгандар кезек талашып кырылышып жатабыз», - дейт О.Шайбеков.

Алар жакында эле КР премьер-министри Ж.Оторбаев менен саламаттыкты сактоо министри Динара Сагынбаеванын ооруканага келип, бирок бул бөлүмгө киргизбей койгонуна нааразы. «Бизге кирсе, эки-үч жылдан бери кыйналып жатканыбызды айтат элек», - дешет гемодиализ алгандар.

Ошондой эле, КР өкмөтүнүн Жалал-Абад областы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Жусупжан Жээнбеков, Жалал-Абад шаарынын мэри Муктар Арапбаев иштеп жаткандан бери бир да жолу басып барган жок. Р.Отунбаева ганапрезидент болуп турган учурда бир жолу барып, абалды көргөн, деп кошумчалашты алар.

Учурда туруктуу гемодилаиз алуу үзгүлтүккө учурап, толук кандуу ала алабай жатканын айтышып, өкмөттүн кийлигишүүсүн суранып, жардам сурап жатышат.

Түп нускага шилтеме : turmush.kg

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...