Акыркы макалалар

КТРКнын жетекчисинин м.а. С.Жумагулов: КТРКнын эл аралык жаңылыктарды өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар

КТРКнын жетекчисинин м.а. С.Жумагулов: КТРКнын эл аралык жаңылыктарды өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар

Кечээ, 30-июлда КРнын коомдук телерадиоберүү корпорациясынын Байкоочу кеңеши КТРКнын эмгек жааматын башкы директордун милдетин аткаруучу Султан Жумагулов менен тааныштырды. Бул тууралуу КТРКнын басма сөз кызматы билдирди.

КТРКнын жаңы жетекчиси С.Жумагулов, КТРКнын эл аралык жаңылыктарды өндүрүүгө мүмкүнчүлүгү бар экенин айтып, «Мындан улам бул тармакты өнүктүрүүгө жана жаш кызматкерлердин адискөйлүгүн жогорулатууга басым жасалат», - деди.

Ошондолй эле, жааматты чогуу иштешүүгө чакыруу менен бирге, алдыда телекөрсөтүүлөрдүн жана жаңылыктардын сапатын жогорулатууга аракет жасаарын белгиледи.

Байкоочу кеңештин төрагасы Илим Карыпбеков, жалпы жааматка КТРКнын башкы директорунун милдетин аткаруучу катары С.Жумагуловду бекитүү чечими, 24-июлда жашыруун добуш берүүнүн негизинде кабыл алынганын билдирди. «Жакында Байкоочу кеңеш КТРКнын башкы директорунун кызматына сынак жарыялайт. Ага чейин корпорацияны мыйзамдуу түрдө башкы директорлук милдетин аткаруучу жетектейт», - деп кошумчалады И.Карыпбеков.

С.Жумагулов буга чейин басма сөз беттеринде, кийин Би-Би-Си Кыргыз кызматынын кабарчысы, «Азаттык» радиосунун Бишкектеги кеңсесин жетекчиси, акыркы учурда ЭлТР телеканалынын башкы директору болуп иштеп келген.

Эске салсак, КТРКнын башкы директору Кубат Оторбаев КТРКда иш мөөнөтү аяктагандыктан 24-июлда Байкоочу кеңешке 1-августтан баштап өз каалоосу менен кызматтан кетүү боюнча арызын берип, анын арызы канааттандырылган.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...