Акыркы макалалар

Бишкектин бийлиги шаардагы маршруттук таксилерде жол кире төлөмүн 15 сомго чейин жогорулатууга даяр

Бишкектин бийлиги шаардагы маршруттук таксилерде жол кире төлөмүн 15 сомго чейин жогорулатууга даяр. Бул тууралуу бүгүн, 29-июлда АКИpress агенттигине Бишкек мэриясынын шаардык транспорт башкармалыгынын жетекчиси Нурлан Атаканов билдирди.

Эске салсак, кечээ, 28-июлда маршруттук таксилердин айдоочулары күйүүчү-майлоочу майлардын баалары жогорулаганына байланыштуу жол кирени азыркы 10 сомдон (кечкисин 12 сом) 25-30 сомго чейин көтөрүү талабы менен иш таштоого чыгышкан.

«Айдоочулардын арасында түшүндүрүү иштерин жүргүздүк, алардын талаптарын негиздөө зарылдыгын жеткирдик. Азыр Бишкек шаардык кеңешке биргелешкен кат даярдап жатабыз, жол кире акысы 15 сом болот», - деп түшүндүрдү Н.Атаканов.

Шаардык кеңеш бул маселени сессиясында карап өзүнүн чечимин чыгарышы керек.

Түп нускага шилтеме : barakelde.org

Бир гана сайтта катталгандар пикирлерин жаза алат. Эгер катталган болсоңуз, анда аккаунтуңузга кириңиз.
катталгандар гана колдонуучулар "ЖМКларга даттанууларды териштирүү комиссиясына" арыздана алат. Эгер сиздин аккаунтуңуз бар болсо, анда кириңиз.

Азырынча бир да пикир жок...